Перейти на новый сайт
MegaCom менен онлайн-байланышта болуунун ыңгайлуу ыкмалары

MegaCom менен онлайн-байланышта болуунун ыңгайлуу ыкмалары  

MegaCom компаниясы абоненттерди тейлөө сапатына өзгөчө көңүл бурат жана абоненттерин тейлөөдө жаңы технологияларды колдонуп келет. Бүгүнкү күндө алдыңкы мобилдик оператордун абоненттери сервиске байланыштуу операцияларды өз алдынча жана тез аранын ичинде аткара алышат. Тарифтер же кызматтар боюнча суроолоруңуз пайда болгон учурда, Сиз төмөндөгү сервистик кызматтардын жардамы менен  онлайн-кеп-кеңеш алууга болот:

  •  Whats App  мессенджеринде +996 999 500 000 номуруна жазуу менен MegaCom мобилдик байланышы боюнча суроолорго толук маалымат алууга болот. Бул реалдуу убакыт шарттамында абоненттерге күнү-түнү колдоо көрсөтүү;
  • «Онлайн-жардамчы» расмий сайтта жеткиликтүү. Бул сервис убакытты үнөмдөөгө жана онлайн-чатта ыкчам кеп-кеңеш алууга өбөлгө түзөт. Браузердин терезесине кайрылууңузду же каалооңузду жазып калтыруу  жетиштүү;
  • «SMS-кеңешчи» текст түрүндөгү кыска билдирүү жөнөтүү аркылуу маалымат берет. Компаниянын абоненттик кызматына акысыз SMS жөнөтүүнү «Шашылыш линиянын» 500 номуру аркылуу ишке ашырууга болот;
  • Социалдык тармактарда баарлашууну каалагандар компаниянын  FacebookInstagramВКонтактеОдноклассники, Twitter социалдык тармактарындагы компаниянын расмий баракчаларына кирип, мобилдик оператордун өкүлдөрүнө суроо бере алышат. Сурамдар өтө кыска убакытта каралат. Компаниянын жазылуучусу болуу менен, акциялар, конкурстар жана актуалдуу жаңылыктар тууралуу кабардар боло аласыз;
  • *500 − MegaCom абоненттерин  колдоо кызматынын бирдиктүү жана акысыз номуру. Бул номурга өлкөбүздүн каалаган жеринен чалууга болот. Адистер менен байланышуу үчүн өз мобилдик номуруңуздан ушул кыска номурду териңиз.

MegaCom компаниясы аралыктан көрсөтүлүүчү кызматтардын санын арбытып келүүдө. Аталган кызматтардын жардамы менен тарифтер, опциялар жана тиркемелер жөнүндө келип чыккан суроолорго онлайн-шарттамында жооп алууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Толукта жана утуп ал» викторинасы

    кызматы

  • eSIM

    кызматы

  • «Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

    кызматы

  • 4G LTE

    кызматы