Перейти на новый сайт
MegaCom буйруулары абоненттерге ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт

MegaCom буйруулары абоненттерге ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт

USSD-буйруулар аркылуу номуруңуз менен колдонуу оңой жана байланышка сарпталуучу чыгымдарды үнөмдөөгө болот. Бул кыска коддордун жардамы менен кызматтарды кошууга жана өчүрүүгө, балансты жана трафикти көзөмөлдөөгө болот. Байланыш кызматтарын колдонууда ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү тартуулаган буйруулар тууралуу кеп учугун улай кетели.

Жалпы маалымат алуу үчүн USSD-буйруулар:

*112# - эгерде сиз жаңы сим-картаңыздагы телефон номуруңузду жана тарифтик планыңызды билгиңиз келсе. 

*500# - телефондун балансын текшерүү. 

*5555# - «Mega БОНУС» кызматы тууралуу маалымат

Балансыңыз нөлгө барабар болгондо төмөндөгү USSD-буйрууларды тере аласыз:

*282*055Ххххххх*толуктоо суммасы#  − бул буйруунун жардамы менен «Куткаруучу тегерек» кызматын кошуп алып, жакындарыңыздан эсебиңизди толуктап коюуну өтүнсөңүз болот. Сурамды МegaCom абоненттерине эле эмес, өлкөбүздүн башка операторлоруна да жөнөтүүгө болот.

*222*1#бул буйрууну терүү менен, «Баланс +» кызматын активдештириңиз жана мобилдик эсебиңизди 10 сомго толуктаңыз.

*400#10#1#  «Экинчи дем» кызматын активдештирүү  үчүн дал ушул буйрууну терсеңиз болот. Бул кызматтын жардамы менен нөлдүк чекке жакындаган учурда балансыңыз автоматтык турдө толукталат.

*202*0АААxxxxxx#  бул USSD-буйрууну терүү менен,  «Мага кайра чал» кызматы менен колдонууга болот, т.а. MegaCom абонентине Сизге чалып коюуну өтүнгөн сурам жөнөтө аласыз.

*212055Ххххххх – «Досумдун эсебинен чалуу» кызматын кошуу буйруусу. Ишенимдүү досторуңуздун эсебинен сүйлөшө аласыз. Сүйлөшүүнүн 1 мүнөтүнүн наркы 1 сомду түзөт.

Тарифтер үчүн USSD-буйруулар:

*678*2#«Элдик S/M/L» жана «Элдик S/M/L +TV» түркүмүнүн топтомдук тарифтеринин колдонуучулары үчүн мыкты табылга, анын жардамы менен топтомдор боюнча жеткиликтүү көлөмдөрдү билип турууга болот.

*755# – «ХАЙП» тарифтик планынан колдонгон MegaCom абоненттери үчүн ыңгайлуу. Бул буйрууну териңиз да, трафиктин калдыктары тууралуу маалымат алууга болот.

Толук маалымат менен компаниянын сайтынан таанышсаңыз болот.

Сунушталган кызматтар

  • Менталдык жардам

    кызматы

  • «Учурдагы Баланс» кызматы

    кызматы

  • «Видеочалуу»

    кызматы

  • Нумеролог

    кызматы