MegaCom футболдук командасы – MANAS CUP-2018 Кубогунун чемпиону
MegaCom кызматкерлеринен куралган футболдук команда өз ийгиликтери менен кубандырып келет. Бул жолу да компаниянын курама командасы MANAS CUP-2018 Кубогунун жеңүүчүсү болуп табылды! Бул турнир Кыргыз-Түрк «Манас» университети тарабынан уюштурулган. Беттешүүлөр 13-октябрдан 20-октябрга чейин болуп өттү.
Бишкек шаарында өткөрүлгөн бул турнирге 9 компаниянын оюнчулары катышты. MegaCom командасынын курамын тажрыйбалуу спортчулар түзөт. Алар: Сыргак Киязов, Аман Асылбеков, Зураб Велибеков, Мукаш Джунсаев, Руслан Дүйшөналиев, Адилет Ибраимкулов, Чоро Ибраимкулов, Фархат Матеев, Аман Үсөнов жана Азамат Ырысбеков.
Биринчи оюнда компаниянын оюнчулары «Кыргызстан» АКБнын курамасын 6:0 эсебинде жеңген болсо, андан кийин Hyatt Regency командасынын өкүлдөрүн 5:0 эсебинде, жарым финалда ЭЛТРдин курамасы менен беттешкен биздин кызматкерлерибиз каршылаштарын 3:0 эсебинде утуп алышты. Жыйынтыктоочу беттешүүдө «Манас» КТУнун курамасы менен болгон оюндун негизги убактысы 1:1эсебинде жыйынтыкталып, ал эми матчтан кийинки пенальтилер 5:4 эсебинде MegaCom курамасынын жеңиши менен эсебинде аяктаса, MegaCom курамасы MANAS CUP-2018 кубогунун ээси болуп табылды жана учурдагы чемпиондун статусун тастыктай алды.
MegaCom компаниясынын жамааты кесиптештерин жеңиши менен чын дилинен куттуктайт!