Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы «Социалдык жоопкерчиликтүү иш берүүчү» наамына татыктуу болду

MegaCom компаниясы «Социалдык жоопкерчиликтүү иш берүүчү» наамына татыктуу болду

Бүгүн, 19- октябрда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо кызматкеринин күнүнө карата салтанаттуу жыйын өткөрүлдү.

Аталган иш-чарада Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду MegaCom компаниясына «Социалдык жоопкерчиликтүү иш берүүчү» Ардак грамотасын тапшырды.

Компаниянын башкы директору Азат Базаркулов, өз кезегинде, КРдин Социалдык фондунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктай кетти:

«Социалдык кызматкердин эмгеги өзгөчө сыйга татыктуу. Бул чөйрөдө өз ишине чын дили менен берилген кызматкерлер эмгектенишет. Сиздерди майрамыңыздар менен куттуктайбыз. Ары сыймыктуу, ары түйшүктүү кесибиңиздердин үзүрүн  көрүңүздөр. Чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз. Саамалыктарыңыздар  ийгиликтер менен коштолсун!».

Эскерте кетсек, MegaCom − социалдык жактан жоопкерчиликтүү компания катары мекендештеринин көйгөйлөрүн жана муктаждыктарын көз жаздымда калтырбай келет. Алдыңкы мобилдик оператор маданият, билим берүү  жана спорт тармактарын өнүктүрүүгө байланыштуу бир катар долбоорлорду ишке ашыруу менен гана чектелип калбастан, корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин алкагында социалдык демилгелерге да туруктуу негизде  колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы коомчулугубузга маалым.

Сунушталган кызматтар

  • «Сиздин төлөм»

    кызматы

  • «Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

    кызматы

  • «Спорт порталы»

    кызматы

  • «Учурдагы Баланс» кызматы

    кызматы