Перейти на новый сайт
Amediateka порталынын белгилүү сериалдары

Amediateka порталынын белгилүү сериалдары

MegaCom компаниясы Amediateka онлайн-сервиси менен биргеликте дүйнөлүк белгилүү сериалдарды сунуштайт. Сиз аларды смартфонуңуздун экранынан көрө аласыз.

Азыркы учурда Amediateka өз жазылуучулары үчүн ондогон кызыктуу тасмаларды жана сериалдарды сунуштай алат. Алардын жалпы узактыгы бир жарым миң саатты түзөт.

Онлайн-порталдагы белгилүү 5 сериалдын тизмеси:

  1.  «Такты оюндары» ( «Игра престолов») − Жорж Р. Р. Мартиндин «Муз жана От ыры» романдар түркүмүнүн негизинде тартылган фэнтези жанрындагы америкалык телесериал. «Такты оюндарында» чагылдырылган окуялар орто кылымдагы Европаны эске салган ойдон чыгарылган дүйнөдө  болуп өтөт. Сериалга көптөгөн каармандар катышат жана бир нече сюжеттик линиялары бар;
  2. «Жаш Папа» («Молодой Папа») − Паоло Соррентинонун италиялык-испаниялык-франциялык драмалык телесериалы. Башкы ролдордо: Жуд Лоу жана Дайан Китон. Сериалдын башкы каарманы −  47 жаштагы америкалык жаштагы кардинал Ленни Белардо. Тажрыйбалуу кардиналдардын тымызын арам оюндарынын натыйжасында тарыхта алгачкылардан болуп Рим Папасы болгон;
  3. «Чоң кичине калп»Большая маленькая ложь») −  Лиана Мориартинин ушундай эле аталыштагы романынын негизинде Дэвид Э. Келли тарабынан тартылган драмалык телесериал. Жети эпизоддон турган сериалга Жан-Марк Валле режиссерлук кылган;
  4. «Жапайы Батыш дүйнөсү»( «Мир Дикого Запада») − Жонатан Нолан жана  Лиза Жой тарабынан тартылган америкалык сериал. Окуялар андроиддер жашаган ойдон чыгарылган  футуристикалык паркта болуп өтөт;
  5. «Твин Пикс» − драма жанрындагы телесериал. Режиссёру: Дэвид Линч, сценарийин жазган: Марк Фрост. Вашингтон штатынын түндүк-батыш тарабындагы ойдон чыгарылган Твин Пикс шаарчасы сүрөттөлөт;

 MegaCom абоненттери сервистен кайсы жерде жана кантип колдонууну өздөрү тандашат: эс алууга жөнөгөндө, транспортто, кафеде, жакындар же достор менен отурганда. Сервис компьютерден, планшеттен же смартфондон жеткиликтүү.

Кошуу наркы – 0 сом, абоненттик төлөм – суткасына 15 сом. Amediateka онлайн-сервисине жетки алуу үчүн *4141#✆ буйруусун терүү жана порталга жазылуу жетиштүү.

Толугураак amediateka.megacom.kg шилтемеси аркылуу.

Сунушталган кызматтар

  • «Эл аралык байланыш»

    кызматы

  • «Роумингде балансымды толукта»

    кызматы

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • «GoodOk»

    кызматы

    icon