Перейти на новый сайт
MegaCom уюштурган конкурска катышып, К.Юдахиндин сөздүгүн утуп ал!

MegaCom уюштурган конкурска катышып, К.Юдахиндин сөздүгүн утуп ал!

                        

Жыл сайын 23-сентябрда Кыргызстанда белгиленүүчү Мамлекеттик тил күнүн утурлай,  MegaCom Facebook жана Twitter соц.тармактарындагы рамий баракчаларында лингвистикалык конкурс жарыялады. Башкы байге − Константин Юдахиндин кыргызча-орусча, орусча-кыргызча көлөмдүү сөздүктөрү. 

Конкурстун шарттары абдан жөнөкөй:

  • MegaCom баракчасынын жазылуучусу болуу;
  • Көлөмү 4 саптан кем болбогон, эне тилди даңазалаган мазмундагы ыр жазуу жана аны комментарийге калтыруу (кыргыз тилинде).

Жеңүүчү 2018-жылдын 28-сентябрында random.org cайтында генератордун жардамы менен аныкталат.

Толук маалымат  https://www.megacom.kg/pages/rules-of-participation?locale=kg шилтемеси аркылуу жеткиликтүү.

Ата Мекендик мобилдик оператор маданий-тарыхый баалуулуктарыбызды, тилибизди өнүктүрүүгө туруктуу негизде колдоо көрсөтүп келет. Белгилүү түрколог-лексикограф, профессор Константин Юдахиндин баалуу табериги болгон ”Кыргызча-орусча жана Орусча-кыргызча” сөздүгүнүн кайрадан басылып чыгуусуна  башкы демөөрчү  катары көмөк көрсөткөн.

Сунушталган кызматтар

  • Автомаалымдоо

    кызматы

  • Мен чалдым/Мага чалышты

    кызматы

  • «Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

    кызматы

  • «Маанай»

    кызматы

    icon