Перейти на новый сайт
MegaCom терминалдарында 100дөн ашык жаңы кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүгө болот.

MegaCom терминалдарында 100дөн ашык жаңы кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүгө болот.

Эми MegaCom фирмалык терминалдарынын жардамы менен төлөм жүргүзүүгө мүмкүн болгон жаңы кызматтардын саны 100дөн ашты!

Алар: 20дан ашык коммуналдык кызматтар, алты такси кызматы, домофондорду тейлөө боюнча бир нече борбор, бала бакчалар үчүн акы төлөө, соц.фондго камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө, документтин штрих-коду боюнча ИИМдин маалымкаты үчүн акы төлөө жана башкалар.  

Маселен, эми Ош шаарынын тургундары «Ош-Тазалык», «Ош-сууканал» жана «Ош-Жылуулук менен камсыздоо» муниципалдык ишканаларынын кызматтары үчүн, ал эми «ВКонтакте» социалдык тармагында кулактандыруусун жайгаштырууну каалагандар көз ачып -жумгуча төлөм жүргүзө алышат.

Касса издеп убара тартуунун да, кезекке туруунун да зарылчылыгы жок. Компаниянын фирмалык түстөрүнө боёлгон MegaCom төлөм аппараттарын эл көп чогулган жайлардан оңой эле таап алууга болот. Реквизиттерди туура терип, зарыл болгон сумманы киргизиңиз.Төлөмдү тастыктаган чыптаңызды алууну эсиңизден чыгарбаңыз. Төлөм ошол эле замат тиешелүү дарек боюнча жеткирилет.

Мобилдик оператордун терминалдары 300дөн ашык кызматтар үчүн төлөм акысын кабыл алышат. Мындан тышкары, MegaCom абоненттери мобилдик телефонунун жана MegaPay капчыгынын балансын комиссиясыз толуктай алышат.

Балансты акысыз толуктоого мүмкүн болгон жакын жердеги төлөм түйүндөрүнүн даректерин MegaCom расмий сайты аркылуу билүүгө болот.

Сунушталган кызматтар

  • Киоск

    кызматы

  • «4 тил»

    кызматы

  • «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу»

    кызматы

  • MEGOGO

    кызматы