Перейти на новый сайт
MegaCom: «Сенин ХАЙПың» конкурсунун жеңүүчүсү аныкталды!

 MegaCom: «Сенин ХАЙПың» конкурсунун жеңүүчүсү аныкталды!

MegaCom компаниясы «Сенин ХАЙПың» конкурсунун жыйынтыгын чыгарды! Ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча жеңүүчү болуп табылган Сергей Купавскийдин (@kypavskii) видеоролиги 430 добушка ээ болуп, автор башкы байгени –  Cube Attention тоо велосипедин утуп алды!

Эске сала кетсек, конкурска катышкан ар бир каалоочу MP4, AVI, MOV форматында «хайп» сөзүнүн маанисин чечмелеген видео тартып  жөнөтүүсү керек эле. Көптөгөн жумуштардын ичинен 7 мыкты видео тандалып алынып, megacom.kg сайтына жайгаштырылган.

Сергей Купавский үчүн хайп – бул убактысын абдан кызыктуу өткөрүү, тоодон жогорку ылдамдыкта түшүү, велосипед менен чукул бурулуштарды жасоо. Экстремалдык спортто жыгылып кетүү коркунучу боло тургандыгы бышык.  Адреналиндин күчтүү заряды  бардыгын жеңет! Эми ал бардык трюктарын жаңы тоо велосипединин жардамы менен аткара алат! Финалга чыккан ар бир катышуучуга фирмалык азембелектер, «Алтын» категориясынын АКЫСЫЗ номурлары белекке берилип,  «ХАЙП» тарифинин «М» топтомуна жарым жылга жазылуу мүмкүнчүлүгү да тартууланды.

 MegaCom жеңүүчүнү куттуктайт жана бардык катышуучуларга жигердүүлүгү жана креативдүү идеялары үчүн терең ыраазычылык билдирет.

 Facebook, Instagram, VK, Одноклассники социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылып,  MegaCom жаңылыктарынын борборунда болуңуз! Алдыңкы уюлдук оператор байма-бай уюштурган акциялардын жана конкурстардын баалуу байгелерин утуп алыңыз!

 

 

Сунушталган кызматтар

  • «MegaComдон SMS/PUSH-жөнөтмө»

    кызматы

  • «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу»

    кызматы

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы

  • «Сиздин мобилдик эсебиңиз»

    кызматы