MegaCom кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт

MegaCom кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт

MegaCom компаниясы кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт.         «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзам 1989-жылы  23-сентябрда кабыл алынган. 
Ата Мекендик мобилдик оператор улуттук баалуулуктарыбызды − маданиятыбызды, тарыхыбызды, анын ичинде  эне тилибизди өнүктүрүүгө туруктуу негизде колдоо көрсөтүп келүүдө. Компания тарабынан бул багытта бир катар алгылыктуу иштер аткарылды. Тактап айта кетсек:

  • Белгилүү түрколог-лексикограф, профессор Константин Юдахиндин баалуу табериги болгон ”Кыргызча-орусча жана Орусча-кыргызча” сөздүгүнүн кайрадан жарык көрүшүнө  башкы демөөрчү катары колдоо көрсөтүү;
  • «Кыргыздын элдик ырлары» кыргыз эл ырларынын жыйнагын басып чыгарууга көмөк көрсөтүү;
  • 7-9- класстар үчүн «Информатика жана маалымат-коммуникациялык технологиялары» усулдук колдонмосун басып чыгаруу (колдонмо толугу менен кыргыз тилине которулуп, мектептерге берилди);
  • Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы менен биргеликте кыргыз тилин окутуу боюнча мыкты иштелме үчүн мугалимдердин арасында өткөрүлгөн конкурска колдоо көрсөтүү; 

Компаниянын ички процесстери да мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган. Уюлдук оператордун  megacom.kg расмий сайты баштапкы абалында кыргыз тилинде ачылат. Мындан тышкары, компания кызматкерлерине кыргыз тилин үйрөтүү максатында атайын тренингдер өткөрүлуп турат. 

 

Сунушталган кызматтар

  • «Балдар кайда?»

    кызматы

  • «IP Байланыш»

    кызматы

  • «MegaCom 3G USB-модеми»

    кызматы

  • FlirtBox

    кызматы

    icon