MegaCom компаниясынын кызматкерлери Кара-Жыгач багын иретке келтиришти
MegaCom компаниясынын кызматкерлери өлкө аймагын үйүлгөн таштандылардан арылтуу боюнча Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата уюштурулган Республикалык акциянын алкагында Кара-Жыгач багында тазалоо жумуштарын аткарышты. Башка өлкөлөрдө колго алынган мындай демилге Кыргызстан тарабынан да колдоого алынып, 2018-жылдын 15-сентябрында жер-жерлерде ишембиликтер болуп өттү.
Алдыңкы уюлдук оператордун Техникалык жана Финансылык дирекцияларынын кызматкерлери, жана да Кардарларды колдоо бөлүмүнүн адистери шаардыктардын эс алуу жайына айланган Кара-Жыгач багын куурап калган бутактардан, таштандылардан тазалашты.
Белгилей кетсек, алар Кара-Жыгач багын биринчи эле жолу тазалап жатышкан жок. Буга чейин болуп өткөн ишембиликте жалпы аянты 1,5 га болгон аймактан 4 жүкташуучу унаа менен жыйналган таштанды, ал эми 3 жүк ташуучу унаа менен кургаган бутактар чыгарылган.
MegaCom компаниясынын “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган” ынтымактуу жамааты жалпы шаардык ишембиликтерге жыл сайын катышып келүүдө.