Перейти на новый сайт

Шахзоданын Ош жана Жалал-Абад шаарларында боло турган концерттерине акысыз билеттерди алыңыз

Шахзоданын Ош жана Жалал-Абад шаарларында боло турган концерттерине акысыз билеттерди алыңыз

Компания Борбордук Азиянын атактуу эстрада жылдыздарынын бири болгон Шахзоданын чыгармачылыгын сүйүүчүлөр үчүн  кубанычтуу кабары менен бөлүшөт.

Белгилүү ырчы  2018-жылдын 14-сентябрында Ош шаарында жана 16-сентябрда Жалал-Абад шаарында жеке концерттерин коймокчу.

Бул музыкалык иш-чаралардын башкы демөөрчүсү болуу менен, MegaCom компаниясы  Шахзоданын концерттерине акысыз билеттерге ээ болуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт! Бул үчүн  SIM-карта сатып алуу,  «Хайп» же «Элдик S/M/L + TV» тарифтик пландарынын бирин кошуп алуу, жана да 2018-жылдын 14-сентябрына чейин Ош облусунун жана 2018-жылдын 16-сентябрына  Жалал-Абад облусунун Сатуу жана тейлөө борборлорунда же Фирмалык салондорунда  балансты 100 сомго же андан ашык суммага толуктоо шарт.

Сатуу жана тейлөө борборлорунун даректери тууралуу маалымат компаниянын  megacom.kg сайтында жайгаштырылган.

Заманбап элементтер менен чыгыш ыргактарын айкалыштыра кубулжута ырдаган ырчынын талантына угуучулар өзгөчө баа берип келишет. Шахзода ажайып үндүү чыгыш периси катары таанымал.

Сүйүктүү ырчынын концертине келип, мукамдуу обондорун угуп, жан дүйнөңүзгө ырахат тартуулап кетиңиз!

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдик айлык акы»

    кызматы

  • Автомаалымдоо

    кызматы

  • «Автотөлөм»

    кызматы

  • Wi-Fi таратуу

    кызматы