Перейти на новый сайт
MegaCom менен байланышуунун ыңгайлуу жолдору

MegaCom менен байланышуунун ыңгайлуу жолдору

MegaCom компаниясынын тарифтери жана кызматтары боюнча суроолоруңуз пайда болгон учурда компаниянын адистери менен байланышсаңыз, кесипкөй адистер ыкчам кеп-кеңештерин беришет. Абоненттеринин мүдөөлөрүн алдыңкы орунга койгон ата мекендик уюлдук оператор кайтарым байланыштын акысыз жана ыңгайлуу ыкмаларын сунуштайт.   

WhatsApp мессенджеринин активдүү колдонуучулары  реалдуу убакыт шарттамында +996 999 500 000 номуруна жазуу  аркылуу MegaCom байланыш кызматтары боюнча кеңири  маалымат ала алышат.

«Онлайн-жардамчы»  megacom.kg расмий сайтында жеткиликтүү. Аталган сервис аркылуу  убакытты үнөмдөп, онлайн-чатта ыкчам маалымат алууга болот.  Кайрылууну же каалоону Браузердин терезесинде жазып коюу жетиштүү.

«SMS–кеңешчи»  кыска текст түрүндөгү билдирүү жөнөтүү аркылуу маалымат берет.  Компаниянын абоненттик кызматына акысыз SMS-билдирүүлөрдү жөнөтүү  «Шашылыш линиянын » 500 номуру аркылуу ишке ашат. 

Социалдык түйүндөрдө баарлашууну каалагандар үчүн FacebookInstagramВКонтактеОдноклассники, Twitter социалдык түйүндөрүндөгү  оператордун расмий баракчалары аркылуу кайрылуу мүмкүнчүлүгү  сунушталат. Кайрылуулар тез убакыттын ичинде каралат. Компаниянын жазылуучусу болуу менен, компаниянын акциялары, конкурстары жана актуалдуу жаңылыктары тууралуу билүүгө болот.

*500 – MegaCom абоненттерин коргоо кызматынын бирдиктүү жана акысыз номуру. Кыргызстандын каалаган аймагында жүрсөңүз да, адистер менен байланышуу үчүн, мобилдик телефонуңуздан ушул номурду териңиз.

Сунушталган кызматтар

  • «Сен кайдасың?»

    кызматы

  • «SIM-меню»

    кызматы

  • «Онлайн роуминг» топтомдору

    кызматы

  • «Эл аралык байланыш»

    кызматы