Перейти на новый сайт
MegaCom абоненттери үчүн өзгөчө кызыгуу жараткан белгилүү өлкөлөр тууралуу

MegaCom абоненттери үчүн  өзгөчө кызыгуу жараткан белгилүү өлкөлөр тууралуу

Аптаптуу жай мезгили эмгек өргүүлөр маалы  эмеспи. MegaCom компаниясы өз абоненттеринин  эс алуусун кайда өткөргөндүгү тууралуу кызыктуу фактылар менен тааныштыра кетүүнү эп көрдү.

Маалыматтарга таянсак, Европа өлкөлөрүнүн ичинен  Италия, Чехословакия жана Испания мамлекеттерине  абоненттердин  көп баргандыгы катталган. Азия өлкөлөрүнүн ичинен БАЭ,Түркия жана Кытайды, ал эми КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алгач бул тизмеге Казакстанды, андан кийин Россияны, Өзбекстанды жана Тажикстанды кошо кетүүгө болот.

Мындан тышкары, MegaCom абоненттери  Бенин, Замбия, Түштүк Судан, Танзания, жана да алыскы Папуа-Жаңы Гвинея, экзотикалык Бразилия жана  Сейшелдер аралдарына саякат жасагандыгы да белгилүү.

«Иш сапарына жол тарткан же саякатка жөнөгөн абоненттерибиз  үн байланышы жана SMS-билдирүүлөр менен көбүрөөк колдонушат. Кирген чалуулар чыккан чалууларга салыштырмалуу 17,6% га көп. Кеңири таралган багыттар боюнча  роумингде ыңгайлуу баалар каралган. Мобилдик интернет кызматы да көз жаздымда калтырылган эмес. Маселен, биздин жарандарыбыз өзгөчө көп каттаган КМШ өлкөлөрүн эле алалы. Бул өлкөлөрдө бир нече жергиликтүү операторлор менен макулдашуулар бар. Мындай кадам байланыштын сапатына да, баа саясатына да өзүнүн жагымдууу таасирин тийгизбей койбойт. Бул багытта тынымсыз иш алып баруудабыз. Биз дүйнө жүзүнүн кайсы жеринде болбосун абоненттерибиз өз жакындары менен байланышта болуусун каалайбыз», − деп белгилей кетти Роуминг жана  интерконнект бөлүмүнүн  жетекчиси Санжар Мурзабеков.

Жылдын башынан баштап MegaCom абоненттери дүйнө жүзүнүн  100 дөгөн мамлекетинде болушкан. Роуминг боюнча толугураак маалымат компаниянын  megacom.kg. сайтында.

 MegaCom менен бирге көбүрөөк саякаттаңыз!

Сунушталган кызматтар

  • «Унутулган телефон»

    кызматы

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • «Сиздин мобилдик эсебиңиз»

    кызматы

  • «Абадагы байланыш»

    кызматы