Перейти на новый сайт
MegaCom: «СЕНИН ХАЙПың» конкурсунун катышуучусу үчүн добуш бер

MegaCom: «СЕНИН ХАЙПың» конкурсунун катышуучусу үчүн добуш бер            

          

MegaCom «СЕНИН ХАЙПың» чыгармачыл конкурсунун биринчи турунун жыйынтыгын чыгарды жана  7 видео мыкты деп табылды! Эми онлайн-добуш берүү аркылуу жеңүүчү − Cube Attention тоо велосипединин ээси аныкталат!

Экинчи турга өткөн катышуучулардын тизмеси:

All Stars <@dmcallstars111 >,

Сергей Купавский <@kypavskii >,

Георгий Морозов <@georgiy.morozov.1998>,

Али Джукешев <@dzhukeshev>,

Максим Цай <@tsay.beat>,

Жолболду Калмаматов <@jolboldu93>,

Оксана Сухно <@oksanasuxno40>.

Эске сала кетсек, «СЕНИН ХАЙПың» конкурсуна катышуу үчүн MP4, AVI, MOV форматында «хайп» сөзүнүн маанисин чечмелеген видео тартып, аны hype@megacom.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек эле. Катышуучулардын жигердүүлүгү уюштуруучуларды өзгөчө кубандырды. Чыгармачыл эргүү менен жаралган оригиналдуу эмгектердин ичинен татыктуусун тандоо оңойго турган жок. Клиптер, шаңдуу бийлер, автордук ырлар, азил-чыны аралаш тамашалар, ал гана эмес тамдын чатырынан аткарылган секирик чагылдырылган видео да  жюрилердин элегинен өттү.

Башкы критерийлерге жооп берген МЫКТЫ 7 видеонун  жаратуучуларын компаниянын фирмалык азембелектери, жана да «Алтын» категориясынын АКЫСЫЗ номурлар жана  «ХАЙП» тарифинин «М» топтомуна жарым жылдык жазылуу күтөт.

Тандалып алынган жумуштар компаниянын расмий сайтында  https://www.megacom.kg/hype/ru.html#competition шилтемеси боюнча жайгаштырылган. Бардык каалоочулар Facebook жана Google  сайттарындагы аккаунттардын жардамы менен жаккан видео үчүн добуш бере алат. 2018-жылдын 24-сентябрына чейин эң көп добушка ээ болгон катышуучу жеңүүчү болуп табылат.

Сунушталган кызматтар

  • «Роуминг»

    кызматы

  • «Engster тил үйрөтүү курстары»

    кызматы

  • «IVR витрина»

    кызматы

    icon
  • «Сени издейм»

    кызматы