Перейти на новый сайт
MegaCom: 4G LTE Кыргызстандын дагы 17 айылында ишке киргизилди

MegaCom: 4G LTE Кыргызстандын дагы 17 айылында ишке киргизилди

MegaCom 4G LTE  түйүнүн өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасап келүүдө. Мындай натыйжалуу аракеттердин негизинде төртүнчү муун түйүнү мекенибиздин дээрлик басымдуу аймагында− чоң шаарларынан тарта алыскы айыл-кыштактарына чейин жеткиликтүү болуп калды.      

Өткөн айда Кыргызстандын үч облусунун калктуу конуштарында уюлдук оператордун жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернети пайда болду:

  • Чүй облусу: Западное а., Заря а., Майское а., Дайырбек а., Жайылма а., Ленинское а.,   Туз а.,  Чоң-Далы а.;
  • Жалал-Абад облусу: Чек а.(Момбеков айыл аймагы), Жазгак а, Найман а, Жаңы-Жер а.;
  • Ош облусу: Маданият а. (Шарк айыл аймагы), Кызыл-Кошчу а., Ынтымак а. (Отуз-Адыр айыл аймагы), Учкун а. (Мады айыл аймагы), Каратай а.

Мындан тышкары, калк жык жайгашкандыктан  жүктөм көп болгон аймактарда  4G түйүнүнүн сыйымдуулугу арткандыгы байкалды. Тактап айтканда, Бишкек, Ош, Балыкчы шаарларында, жана да Ош облусунун ВЛКСМ  жана Нурдар айылдарын, Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылын жана Чүй облусунун Төмөнкү Серафимовка айылдарын бул тизмеге кошууга болот.

 MegaCom 4G LTE түйүнүн кошууда мобилдик телефонуңуз жана  SIM-картаңыз LTE стандартын колдой тургандыгын текшерип алыңыз. *460 акысыз буйруусун териңиз. Эгерде системадан «SIM-картаны алмаштырыңыз» деген жооп алсаңыз, анда компаниянын жакын жерде жайгашкан Сатуу жана тейлөө борборуна кайрылыңыз же Фирмалык салонуна кайрылыңыз. Адистер эски  SIM-картаңызды 4G LTE стандартындагы жаңысына алмаштырып беришет.

Түйүндүн каптоо аймагы тууралуу маалыматты Каптоо аймагынын интерактивдүү картасынан онлайн режимде көрүңүз. Аталган картадан 2G, 3G жана ыкчам 4G-каптоосу тууралуу маалымат алып, ал гана эмес жакын жерде жайгашкан базалык станциялардын сигналынын деңгээлине байкоо салсаңыз да болот.

 

Сунушталган кызматтар

  • «MegaCom 4G Wi-Fi роутери»

    кызматы

  • VoLTE

    кызматы

  • «Mega USSD»

    кызматы

  • Чалууну күтүү жана кармап туруу

    кызматы