Перейти на новый сайт
MegaCom көгүлтүр көл жээгинде эс алып жаткандарга смартфондорду тартуулады

MegaCom көгүлтүр көл жээгинде эс алып жаткандарга смартфондорду тартуулады  

Дем алыш күндөрү «Кыргыз Деңизи»  жана «Көгүлтүр Ысык-Көл» эс алуу жайлары өзгөчө шаңга бөлөндү! Күндүн нуру күзгүдөй мелтиреген көл бетине чагылып, айтор, аба-ырайы да ойдогудай болуп турду. Эс алуучулардын шаңдуу үндөрү, ар тараптан жаңырган мукамдуу музыка, жээкке уруна шарпылдаган толкундардын добушу манайыңды көтөрөт.  MegaCom тарабынан өткөрүлгөн акция  кызыктуу конкурстар, оюндар, делебени козгогон бийлер, жагымдуу белектер менен коштолуп, көл жээги өзгөчө шаңдуу болуп турду. Көңүлдүү иш-чарага катышкан мега-түйүндүн абоненттерине фирмалык кол чатырлар, футболкалар, баштыктар, кепкалар, сааттар жана башка белектер тапшырылса, абдан жигердүүлөргө баалуу белектер – заманбап смартфондор тартууланды!

«Эл эмне дейт» жана «Жарайт City» скетч-шоу топторунун алып баруучулары эс алуучуларга эстен кеткис таасирлерди калтырды.     

 «Элдик S/M/L» жана «Элдик S/M/L + TV»  топтомдорунун ишке киргизилгендигине байланыштуу өткөрүлүп жаткан бул акциялар  абоненттердин мүдөөсүнө төп келген кызматтар түркүмү тууралуу кеңири маалымат берет. Күндүзгү интернеттин болуп көрбөгөндөй чоң көлөмү, чектөөсүз түнкү интернет жайкы эс алуунун маанилүү бөлүгү экендиги талашсыз.  

Алдыңкы мобилдик оператордун акциялары келе жаткан дем алыш күндөрү дагы улантылмакчы. FacebookInstagramTwitter жана  Odnoklassniki социалдык армактарындагы баракчаларыбызда жана   megacom.kg расмий сайтында акциялар жана бонустар тууралуу маалыматтар жайгаштырылган.

MegaCom менен бирге жай мезгилин кооз түстөргө бөлө!

Сунушталган кызматтар

  • «Сиздин мобилдик эсебиңиз»

    кызматы

  • NITRO

    кызматы

  • «Видеочалуу»

    кызматы

  • «Тыным»

    кызматы