Перейти на новый сайт

Желдей сызган ажайып «хайп» велосипед утуп алгың келеби?

Желдей сызган ажайып «хайп» велосипед утуп алгың келеби?

«Сенин ХАЙПың» конкурсуна катышууга жана Cube Attention тоо велосипедин утуп алууга неге болбосун! Анда эмесе, өз жөндөмүңдү жана  тапкычтыгыңды көрсөт!

Убактыңды текке кетирбестен, табыштамаңды өткөр. Бул үчүн MP4, AVI, MOV форматында «хайп» сөзүнүн маанисин чечмелеген  видео тартып, аны  hype@megacom.kg. электрондук дареги боюнча жөнөтүү зарыл.

Креативдүүлүк, автордун ойду жеткиликтүү  бере алуусу жана «хайп» сөзүнүн маанисин таамай чечмелөө  сыяктуу негизги критерийлер боюнча 9 мыкты жумуш тандалып алынат. Алардын авторлорун чыныгы «хайп» белектер ‒ фирмалык азембелектер, «Алтын» категориясынын АКЫСЫЗ номурлары жана «ХАЙП» тарифинин «М» топтомуна жарым жылга жазылуу, б.а. абоненттик төлөмсүз 6 ай бою баарлашуу күтөт. 

Тандалган конкурстук жумуштар  www.megacom.kg. сайтына жайгаштырылат. Каалоочулардын бардыгы өзүнө жаккан видеосу үчүн Facebook, Instagram, OK, VK социалдык тармактарындагы аккаунттардын жардамы менен добуш бере алышат. Эң көп добушка  ээ болгон катышуучу жеңүүчү болуп табылат.

Чыгармачыл дараметиңди ойгот, конкурска катыш  жана жеңишке умтул! Велосипеддин ээси  сен болуп калышың толук мүмкүн. 

Катышуу эрежелери менен megacom.kg  расмий сайтынан таанышууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «MegaCom 4G Wi-Fi роутери»

    кызматы

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы

  • «Ассистент»

    кызматы

  • «Роумингде балансымды толукта»

    кызматы