Перейти на новый сайт
Төлөм жүргүзүү үчүн кодду скандоо – MegaPay электрондук капчыгынын жаңы опциясы

Төлөм жүргүзүү үчүн кодду скандоо – MegaPay электрондук капчыгынын жаңы опциясы

 
MegaCom  MegaPay электрондук капчыгынан төлөмдөрдү жүргүзүү мурдагыдан да ыңгайлуу, ылдам жана коопсуз болуп калгандыгын маалымдайт! Жаңы опциянын артыкчылыктарына баа бериңиз – эми, «Акнет» iTV санариптик телеберүүсүнүн кызматтары үчүн төлөм жүргүзүүдө жеке QR-код жардамга келет.

Төлөмдүн суммасын жана реквизиттерин кол менен терүүнүн зарылчылыгы жок, айрым учурда  ката кетирип алуу же кайрадан терүү сыяктуу аракеттер убактыңызды алат эмеспи. «Акнет» компаниясынын маалымат порталындагы жеке кабинетке кирип, смартфондун камерасынын жардамы менен  MegaPay тиркемеси аркылуу QR-кодду скандан өткөрүңүз жана төлөмдү тастыктаңыз. Абдан оңой жана комиссиясыз!

Ыңгайлуу төлөм шайманы менен колдонуу үчүн, смартфонуңузга Google Play же AppStore-дон Android же iOS базасында MegaPay акысыз тиркемесин жүктөп алып, телефонуңузга орнотуңуз жана электрондук капчыктын эсебин толуктаңыз.

Толуктоо ыкмалары тууралуу толук маалымат бул жерде.

MegaPay колдонмосунун өзүңүзгө ылайык келген  версиясын жүктөп алыңыз:

  

Сунушталган кызматтар

  • Киоск

    кызматы

  • «Мобилдик которуу»

    кызматы

  • «Амедиатека»

    кызматы

  • «Номурду кайрадан каттоо»

    кызматы