Перейти на новый сайт

MegaCom төлөм терминалдары эми Ош шаарында

MegaCom төлөм терминалдары эми Ош шаарында 

Төлөмдөрдү каалаган учурда, оңой  жана  ылдам жүргүзүүгө боло турган MegaCom фирмалык төлөм терминалдары менен калктын кеңири катмары колдоно баштады. Аппараттар Ош шаарынын эл көп чогулуучу  жайларында – ири соода борборлорунун, дүкөндөрдүн, дарыканалардын, мейманканалардын, кинотеатрлардын имараттарында орнотулган. Маселен, «Ак-Ниет» ( «Западный» кичирайону) жана  «Датка» («Фуркат» кичирайону) супермаркеттеринде. Абоненттер MegaCom байланыш кызматтары үчүн мобилдик телефонунун балансын  комиссиясыз толуктай алышат! 

Компаниянын фирмалык түсүндөгү төлөм терминалдары аркылуу коммуналдык жана байланыш кызматтары үчүн төлөм жүргүзүүгө, маалымкаттарды, айыппулдарды жана башкаларды төлөөгө болот. Төлөм жүргүзүүдө бир нече аракетти аткаруу гана талап кылынат – төлөм маалыматтарын терүү, төлөнүүчү сумманы киргизүү жана чыптаны алуу. Төлөм  кабыл алуучуга ошол замат жеткирилет.  

Бишкекте, Ошто жана Чүй облусунда MegaCom компаниясынын 200дөн ашуун терминалы орнотулган. Балансты акысыз толуктоого мүмкүн болгон бардык түйүндөрдүн даректери MegaCom расмий сайтынан таанышууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Автотөлөм»

    кызматы

  • Ишенимдүү төлөм

    кызматы

  • more.tv онлайн-кинотеатры!

    кызматы

  • «Экинчи дем»

    кызматы