Перейти на новый сайт
MegaCom: Аптаптуу жайга жогорку ылдамдык менен

MegaCom: Аптаптуу жайга жогорку ылдамдык менен

Көптөн күткөн жай мезгили да келди. Көгүлтүр  көлдүн жагымдуу абасы, күн нуруна чагылыша  алтын чабак туйлаган кумжээк көздөн учуп турган чак. Албетте, эс алуу маалындагы эстен кеткис сезимдериңди жакындарың, досторуң менен бөлүшкүң келет. MegaCom абоненттери жакындары менен кадимкисиндей эле баарлашып, эс алуудан алган таасирлери менен бөлүшө алышат.

Уюлдук оператор  Ысык-Көлдүн күңгөй жана тескей тарабындагы базалык станцияларды жаңылап, айрым аймактарга жаңыларын орнотуу менен  4G түйүнүндө мобилдик интернеттин ылдамдыгын жогорулатып, байланыштын сапатын жакшыртууга басым жасады.

Эс алуу эмнеден башталат? Туура таптыңыз, эс алуу жолдон башталат! MegaCom абоненттери жолдо бара жатканда маалында, тактап айтканда, Балыкчы – Чолпон-Ата трассасында мега-түйүндүн абоненттери  жакындары менен үзгүлтүксүз байланышта боло алышат. Бул максатта Сары-Камыш жана Чоң-Сары-Ой айылдарында базалык станциялар орнотулду.

Интернет-трафиктин  жана чалуулардын көлөмү жогору болгон эл көп чогулган жерлер ар дайым  компаниянын көңүл борборунда. Тест-драйвдардын жыйынтыгы көрсөткөндөй,  LTE түйүнүндө маалымат алмашуунун ылдамдыгы Балыкчы,     Чолпон-Ата, Каракол шаарларында жана Кош-Көл, Бает, Тамчы, Тору-Айгыр, Чок-Тал, Кара-Ой, Сары-Ой, Чоң-Сары-Ой, Бостери, Бактуу-Долоноту, Булан-Сөгөттү, Семеновка, Кажы-Сай, Жети-Өгүз, Кызыл-Суу айылдарында секундасына 75 Мегабитке  чейин жетип, жогорку ылдамдыктагы технология бардыгы үчүн жеткиликтүү болуп калды.  

3G түйүнүндө ылдамдык  секундасына 42 Мегабитке чейин жеткендиги байкалып, көл аймагынын түндүгүн  жана түштүк тарабындагы Бөкөнбаев айылынан тарта  Каракол шаарына чейинки аймакта жайгашкан калктуу конуштарды өз ичине    камтыйт.

Кумжээктеги сүрөттөрүңүз жана видеороликтериңиз менен бөлүшүңүз!

MegaCom компаниясынын техникалык адистери тарабынан байланыш сапатын жакшыртуу жумуштары байма-бай аткарылып турат. Сапаттуу байланыш, жогорку ылдамдыктагы интернет, көл кылаасынын бардык жеринде –  көлдүн жээгинде жана эс алуу жайларынын аймактарында.

Ысык-Көлдөгү эстен кеткис эс алуу MegaCom менен!

 

Сунушталган кызматтар

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы

  • Киоск

    кызматы

  • «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

    кызматы

  • MEGOGO

    кызматы