Перейти на новый сайт

MegaCom: «Элдик S/M/L» топтомдорунун бирин тандап ал

MegaCom: «Элдик S/M/L» топтомдорунун бирин тандап ал  

Мурдагыдан да көп  интернет-трафик, түнкү чектөөсүз интернет жана түйүн ичиндеги жана түйүндөн тышкары акысыз мүнөттөр – бул абоненттердин мүдөөлөрүн эске алуу менен иштелип чыккан  «Элдик S/M/L» уникалдуу топтомдору.

«Элдик S/M/L» топтомдору   мессенджерлерде билдирүүлөрдү жөнөтүп, социалдык тармактарды барактап, видео жана сүрөт менен каалашыңча бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Мындан тышкары, ар бир топтомдо түйүн ичинде жана түйүндөн тышкары акысыз чалуулар камтылган. Бул үн байланышынан да көп колдонгондор үчүн ыңгайлуу.

Өз каалооңузга ылайык келген ыңгайлуу топтомду тандап алыңыз:

«Элдик S/  M/L» топтомдорунда  берилген көлөмдөрдү ар бир абонент өзү каалагандай колдоно алат.  Маселен, топтомдогу түйүндөн тышкары мүнөттөр сарпталбай калды дейли, аларды мобилдик  4G-интернетке акысыз алмаштырууга болот. Бул үчүн *678*678*Y#чалуу USSD-буйруусун терүү же  <678*Y> же <678#Y> тексти менен  678 номуруна SMS жөнөтүү жетиштүү, бул жерде Y – түйүндөн тышкары  мүнөттөрдүн саны (5 ке калдыксыз бөлүнө турган).

Алмаштыруу курсу: түйүндөн тышкары 5 мүнөт = 4G түйүнүндө 1 Гб.

«Элдик S/M/L» топтомдорунун алкагында каралган жагымдуу бонус  2018-жылдын 10-июлуна чейин аракетте болот.

Топтомдор жана акция тууралуу маалыматты  megacom.kg. расмий сайтынан билиңиз.

Сунушталган кызматтар

  • «Мага кайра чал»

    кызматы

  • «MegaMusic»

    кызматы

    icon
  • Конференц-байланыш

    кызматы

  • «Амедиатека»

    кызматы