Перейти на новый сайт

«Ата-эне көзөмөлү» – балдарды аралыктан көзөмөлдөөнүн жөнөкөй жолу

«Ата-эне көзөмөлү» – балдарды аралыктан көзөмөлдөөнүн жөнөкөй жолу

Смартфон интернет ааламына саякаттап, дүйнөлүк желеден каалагандай  маалымат  алууга мүмкүнчүлүк түзгөн байланыш түзмөгү. Замандаштарыбыз, өзгөчө мектеп жашындагы балдар, ал гана эмес кичинекей бөбөктөргө чейин өз жашоосун бул заманбап түзмөксүз элестете албай калышты. Түрдүү мүнөздөгү сайттар бардыгы үчүн жеткиликтүү. Жайкы эс алуу маалында балдарыңыздын бош убактысы мол жана алар смартфондорун адаттагыдан да көп пайдаланышат. Тыюу салынган контенттерге кирүүсү да толук ыктымал. Кам санабаңыз! MegaCom компаниясы сунуштаган «Ата-эне көзөмөлү»  кызматынын жардамы менен балдарыңыздын тыюу салынган сайттарга кирүүсүн көзөмөлдөп, акы төлөнүүчү көңүл ачуу мүнөзүндөгү сервистерге  кирүүсүнө бөгөт коё  аласыз жана эл аралык номурларга чалуусуна, мобилдик которууну ишке ашыруусуна тыюу салууну кошсоңуз да болот.

Мындан тышкары, «Ата-эне көзөмөлү» кызматы аркылуу ата-энелер аралыктан төмөндөгү аракеттерди аткара алышат:

  • Баланстын учурдагы абалын көзөмөлдөп туруу;
  • «Сиздин мобилдик эсебиңиз» кызматы боюнча эсептин деталдоосун ай сайын алуу жазылуусун башкаруу;
  • Өткөн айлар үчүн жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн өлчөмүн, жана да кошулган акы төлөнүүчү кызматтардын тизмесин көрүү.
  • 10го чейинки номурду тизмеге кошууга мүмкүн. MegaComдун  «Ата-эне көзөмөлү» кызматынын  артыкчылыгы – бул *11# кыска номурунун жардамы менен кызматты жөнөкөй жана акысыз башкаруу. Кызмат тууралуу толугураак маалымат алуу үчүн  оператордун  megacom.kg сайтын барактаңыз. 

 

Сунушталган кызматтар

  • «SMS–кеңешчи»

    кызматы

  • «Тыным»

    кызматы

  • Нумеролог

    кызматы

  • «Абадагы байланыш»

    кызматы