Перейти на новый сайт
MegaCom: Россияда роуминг кызматынан мурдагыдан да ыңгайлуу шартта колдонууга болот

MegaCom: Россияда  роуминг кызматынан мурдагыдан да ыңгайлуу шартта колдонууга болот

 

Футбол күйөрмандары үчүн жагымдуу жаңылык! Сүйүктүү командаңызды колдоо үчүн  Россияга сапар тарта турган болсоңуз, анда  MegaCom роуминг кызматын сөзсүз кошуп алыңыз. Футбол боюнча дүйнөлүк  чемпионат өтүп жаткан убакыттын аралыгында, т.а. 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлуна чейин Россия жергесинин шаарларында роуминг кызматы мурдагыдан да ыңгайлуу шарттарда көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, MegaCom кийин төлөнүүчү жана алдын ала төлөнүүчү роумингинин наркы    МегаФон, МТС жана Tele2 (Россия) операторлорунун түйүндөрүндө 8 эсеге төмөндөтүлдү. Эми MegaCom абоненттери үчүн роумингде 1 Мб мобилдик интернеттин наркы  5 сомду түзөт. Арзандатуулар кирген, чыккан чалуулар жана да   SMS-билдирүүлөр үчүн да каралгандыктан, азыркы учурда Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүп жаткан өлкөдө жүргөн мекендештерибиз өз номурун  өзгөртпөстөн эле жакындары менен сүйлөшүп, жагымдуу таасирлери менен каалашынча бөлүшө алышат.  

Роумингде эсептешүүнүн алдын ала төлөнүүчү формасында тейленген абоненттер балансында минималдуу 100 сом болгон учурда байланыш кызматтары менен колдонуп жана реалдуу убакыт шарттамында эсебиндеги каражаттардын калдыгын көзөмөлдөй алышат. Эсептешүүнүн кийин төлөнүүчү системасы сапаттуу мобилдик байланыш жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен кошумча буйрууларды тербестен эле колдонууну шарттап, жумасына 7 күн, суткасына 24 саат бою байланышты камсыздайт.

Кошумча маалымат алууну кааласаңыз, компаниянын расмий  сайтын  барактаңыз.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

    кызматы

  • «Роумингде шартсыз каттоо»

    кызматы

  • «Жетишсиз баланс тууралуу маалымдоо»

    кызматы

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы