Перейти на новый сайт

MegaCom кайтарымсыз кан тапшыруу боюнча иш-чараларга жигердүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык катка татыктуу болду

MegaCom кайтарымсыз кан тапшыруу боюнча иш-чараларга жигердүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык катка татыктуу болду

Бүткүл дүйнөлүк кан донорунун күнүндө – 14- июнда, Кайтарымсыз кан донорлугун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, Республикалык кан борбору  КРдин Кызыл жарым ай коомунун жана Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте MegaCom компаниясына ыраазычылык катын тапшырды.

Баса белгилей кетсек, кан жана анын компоненттерин топтоо боюнча көчмө бригада компаниянын башкы кеңсесине жыл сайын келет. Маселен, 2018-жылдын апрель айында кайрымдуулук акциясына 67 кызматкер катышып, натыйжада 30 литрден ашык кан тапшырылган. Кан тапшыруучулардын ичинде өтө сейрек кездешүүчү үчүнчү кан тобун (терс)  тапшырган донордун болгондугу жашоосу кылдын учунда турган дагы бир бейтаптын өмүрү сакталды дегенди билдирет. Адам өмүрүн сактоого өз салымын кошууну каалаган компания адистеринин катары жылдан-жылга арбып келүүдө. 

«Жыл сайын  MegaCom кеңсесине келебиз. Кан тапшыруучулардын айрымдарын таанып да калдык. Компания жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз. Алар кан топтоо үчүн зарыл болгон шарттарды түзүп беришет. Кан жана анын компоненттери бейтапканаларда  жетишсиз. Топтолгон кан бейтапканалардагы кандын запасын толуктоого жумшалат», – деп баса белгилей кетти, Республикалык кан борборунун көчмө бригадасынын башчысы Гульмира Джакыпбаева.

MegaCom –  калкыбыздын муктаждыктарына жана көйгөйлөрүнө кайдыгер карабаган   социалдык жооптуу ишкана.  Билим берүү, маданият жана спорт тармактарындагы долбоорлрун ишке ашыруу менен бир катар, саламаттыкты сактоо чөйрөсүнүн социалдык демилгелерине да уюлдук оператор тарабынан өзгөчө көңүл бурулат.

Сунушталган кызматтар

  • «Engster тил үйрөтүү курстары»

    кызматы

  • «Телефон чал!»

    кызматы

  • «Номурду аныктабоо +»

    кызматы

  • «Жакын адамдар»

    кызматы