Перейти на новый сайт
MegaCom түйүндүн кубаттуулугун жана сыйымдуулугун жогорулатып келет

MegaCom түйүндүн кубаттуулугун жана сыйымдуулугун жогорулатып келет

MegaCom компаниясы байланыш кызматтарынын сапатына өзгөчө көңүл буруп, мекенибиздин дээрлик жалпы аймагы   боюнча   2G/3G/4G жаңы базалык станцияларын  ишке киргизүүдө.

Бүгүнкү күндө кандай гана маселе болбосун телефон аркылуу чечүүгө болот эмеспи. Замандаштарыбыздын  өз жашоосун байланыш түзмөгүсүз элестете албай калгандыгы  да бекеринен эмес. Уюлдук байланыштын жардамы менен  жаңылыктарды угуп, мукамдуу обондорду  угуп чер жазабыз, видео көрүп, социалдык тармактарда жана мессенджерлерде баарлашабыз. Аралыктан көзкарандысыз жакындарыбыздан кабар алып турабыз. 

Байланыштын, мобилдик интернеттин сапатын жакшыртуу маселеси ар дайым компаниянын техникалык адистеринин көңүл борборунда. Алардын бул багытта жасаган алгылыктуу аракеттери өз жемишин берип келүүдө. Мурдагыдан да ылдам интернет, туруктуу үн кызматтары менен Бишкек, Чолпон-Ата, Кара-Көл, Ош шаарларынын, Чүй облусунун  Военно-Антоновка, Ак-Кудук жана  Хун-Чи айылдарынын, жана да Жалал-Абад  облусунун Башкы-Терек айылынын тургундары үчүн да жеткиликтүү.

MegaCom тармагынын каптоо аймагы  түшүрүлгөн  карта менен таанышууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • Роумингдеги абоненттер үчүн маалымат

    кызматы

  • «Сен кайдасың?»

    кызматы

  • «I’m OK»

    кызматы

    im OK 1
  • Номурду аныктагыч

    кызматы