Перейти на новый сайт
MegaCom «Хайп» тарифин колдонуп жаткан абоненттер үчүн «GoodOK белекке» акциясын ишке киргизмекчи.

MegaCom «Хайп» тарифин колдонуп жаткан абоненттер үчүн «GoodOK белекке» акциясын ишке киргизмекчи.

MegaCom компаниясы  «Хайп» жаштар тарифи  үчүн «GoodOK белекке» ациясын ишке киргизе тургандыгын билдирет.

Бүгүн, 2018-жылдын 6-июнунда, «Хайп» тарифин колдонуп жаткан абоненттер автоматтык түрдө «GoodOK белекке» акциясына катышуу менен, белгилүү реперлер  Бегиштин, Баястандын жана  Лев Белыйдын аткаруусундагы тректерди 30 күн бою акысыз угуу мүмкүнчүлүгүнө  ээ болушат. 

Тажатма чакырыктардын ордуна белгилүү аткаруучулардын ырларын угуу өзгөчө  ырахат тартуулап,  баарлашуубузду жагымдуу кылат эмеспи. Жаштардын жүрөгүнөн түнөк тапкан бул реп-ырларды тарифтин жаңы гимни десек болчудай.  755 жаңы коду менен номурларга чалган ар бир абонент  «Хайп» жандуу композициясын уга алат.

«GoodOK белекке» кызматы автоматтык түрдө  кошулгандан кийин абоненттерге SMS-билдирүүлөр жөнөтүлөт. Биринчи SMS аркылуу  абоненттерге кызматтын кошулгандыгы тууралуу маалымдалса, экинчи билдирүүдөн   абоненттик төлөмсүз кызматтын аракет мөөнөтү качан аяктай тургандыгы жөнүндө биле алышат.  MegaCom абоненттери, акция мөөнөтү аяктагандан кийин да, кызматтан колдонууну акы төлөнүүчү негизде  уланта беришсе болот. Бул үчүн *770*1# жөнөкөй USSD- буйруусун терүү жетиштүү.

Сунушталган кызматтар

  • «Чалууларды жана SMSтерди чектөө»

    кызматы

  • «Туулган күнгө белек»

    кызматы

  • «Телефон чал!»

    кызматы

  • MegaTV

    кызматы