Перейти на новый сайт
MegaCom: интернет-роумингдин жаңы багыттары

MegaCom: интернет-роумингдин жаңы багыттары  

Өз жашоосун саякатсыз элестете албагандар үчүн Макаодо эс алуу мыкты чечим боло тургандыгы шексиз! Бул өлкө көргөн адамдын көз жоосун алган табигаты, кызыктуу тарыхы менен белгилүү. Макао жергесинде эс алып жүргөн MegaCom абоненттерине SmarTone MAC жаңы операторунун түйүнүндө жогорку ылдамдыктагы интернет менен колдонуу мүмкүнчүлүгү тартууланды.

Кыргызстандыктар  социалдык түйүндөрдө  сүрөттөрүн жана видеолорун жайгаштырып, мессенджерлерде баарлашып, электрондук каттарды жөнөтүп, жана да ар дайым жакындары байланышта боло алат. Эң башкысы, номурду алмаштыруунун зарылчылыгы жок.

Мындан тышкары, MegaCom компаниясынын «Алдын ала төлөнүүчү роуминг» кызматы  Vodafone – Albania (Албания) жана Vodacom Tanzania Limited (Танзания) операторлорунун түйүнүндө жеткиликтүү. Бул кызматтын жардамы менен абоненттер балансынын абалын текшерип, эсебин өз убагында толуктап турса болот. «Алдын ала төлөнүүчү роумингдин» каптоо аймагынын картасы компаниянын  сайтында жайгаштырылган.

Саякатка  же ишкер сапарга жол тартып жаткан учуруңузда, жакын жерде жайгашкан Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборуна кайрылып, «Алдын ала төлөнүүчү роуминг» кызматын кошуу, анын шарттары жана интернет-роуминг кызматы тууралуу толук маалымат алууну эсиңизден чыгарбаңыз.

Кызыктуу саякаттарга MegaCom менен бирге!

 

Сунушталган кызматтар

  • MegaCom Wi-Fi (КМТУ)

    кызматы

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы

  • «Engster тил үйрөтүү курстары»

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы