«Народный» жана Globus дүкөндөрүндө MegaCom терминалдары аркылуу балансыңызды комиссиясыз толуктаңыз
MegaCom жагымдуу жаңылыгы менен бөлүшөт – эми «Народный» жана Globus дүкөндөр түйүнүндө компаниянын төлөм терминалдары аркылуу мобилдик телефонуңуздун балансын ыңгайлуу жана комиссиясыз толуктоого мүмкүн болуп калды.
Аталган супермаркеттерге орнотулган MegaCom терминалдары компаниянын фирмалык түсүнө боелгон жана аларды оңой эле айырмалоого болот. Терминалдар аркылуу балансты гана толуктабастан, интернет, коммуналдык кызматтар үчүн төлөм жүргүзүп, жана да Кайгуул милициясы тарабынан салынган айып пулду, ИИМ тарабынан берилүүчү соттолбогондук тууралуу маалымдама үчүн акыны, мүлктүк салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөй аласыз.
Мындан тышкары:
- Сатуу жана тейлөө борборлору жана Фирмалык салондору (өлкө аймагы боюнча 80 ге жакын);
- Промоутерлер аркылуу
MegaCom байланыш кызматтары үчүн балансты акысыз толуктоого болот.
Балансты акысыз толуктоого мүмкүн болгон түйүндөрдүн даректери компаниянын расмий сайтында.
MegaCom терминалдары – эсебиңизди толуктоонун пайдалуу жана ыңгайлуу жолу!