Перейти на новый сайт

Балаңыздын жүргөн жери тууралуу билгиңиз келеби?, анда сизге «Балдар кайда?» кызматы жардамга келет

Балаңыздын  жүргөн жери тууралуу билгиңиз келеби?, анда сизге «Балдар кайда?» кызматы жардамга келет

Кыргызстандын бардык мектептеринде акыркы коңгуроо үнү жаңыра тургандыгына аз гана убакыт калды! Балам майрамды кайсы жерде өткөрөт? – деген суроо бүтүрүүчүлөрдүн ата-энесин түйшөлтө тургандыгы бышык эмеспи. MegaCom сунуштаган   «Балдар кайда?» кызматы аркылуу балаңыздын жүргөн жеринен кабардар болуңуз.

Балаңыздын жашоосунда бул өзгөчө күн. Балалыгы менен коштошуп, бой жетип, өз алдынча жашоосуна чыйыр салып турган кези. Ага тынымсыз чалып, аны алагды кылып, өзүңүз да бушайман боло бербеңиз – сиз уулуңуздун же кызыңыздын жүргөн жери тууралуу маалыматты  Кыргызстандын электрондук картасына шилтеме берилген SMS-билдирүү аркылуу алсаңыз болот.

Кызмат менен каалаган учурда колдонсоңуз болот! Болгону өз тизмеңизге балаңыздын номурун *089*055Ахххххх# форматында киргизесиз.  Бала тарабынан да макулдук берилиши керек. Балаңыз өз кезегинде  1 саны менен, же болбосо  *088*055Ахххххх#буйруусун терүү менен жооп катары SMS жөнөтүүсү зарыл.

Шашылыш учурда балдар *91# буйруусун тере алышат. Бул учурда алардын координаттары камтылган SOS сигнал бардык ата-энелерге келет.

«Балдар кызматы?» абоненттик төлөмсүз көрсөтүлөт. Азыр колдоно баштаңыз!

Сунушталган кызматтар

  • Конференц-байланыш

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр Этномедиа

    кызматы

  • «SMS–кеңешчи»

    кызматы

  • «MEGAга жеңил кадам»

    кызматы