MegaCom байланыш кызматтары үчүн акысыз төлөм жүргүзүү жолдору
Өнүгүү чыйыры менен келечекке кадам таштаган MegaCom үчүн абоненттери ар дайым көңүл борборунда. Компаниянын кызматтары кардарлардын мүдөөлөрүнө төп келет. Маселен, абоненттер мобилдик телефонунун балансын ыңгайлуу жана акысыз жолдор менен толуктай алышат.
- MegaCom компаниясынын Сатуу жана тейлөө борборлору жана Фирмалык салондору
MegaCom сервистик борборлору республиканын жалпы аймагы боюнча жайгашкан. Алардын даректери жана иштөө убактысы тууралуу толук маалыматты компаниянын сайтынан табууга болот.
- Брендделген MegaCom төлөм терминалдары
Кезек күтпөстөн жана комиссиясыз! MegaCom терминалдарын оңой эле табууга болот – компаниянын корпоративдик түстөрүнө боелгон терминалдар дүкөңдөрдө, соода борборлорунда, аялдамаларда орнотулган.Терминалдардын даректери: http://bit.ly/megacom-terminals
- MegaPay тиркемеси
Ылдам, коопсуз жана комиссиясыз! Мындай мүнөздөмө MegaCom сунуштаган MegaPay уникалдуу кызматына таандык. Бул кызматтан колдонуу үчүн Google Play Market же AppStore аркылуу MegaPay акысыз тиркемесин орнотуп алуу жетиштүү.
- Алдын ала төлөм картасы
Жеке эсепти толуктоо үчүн 555 кыска номуруна сатып алган төлөм картасынын PIN-кодун көрсөтүү менен SMS-билдирүү жөнөтүү жетиштүү. Каражатты башка абонентке да которууга болот. Толук нускама көйнөкчөдө.
- MegaCom компаниясынын мобилдик промоутерлери
MegaCom мобилдик промоутерлерин фирмалык кийимдери боюнча оңой эле айырмалоого болот. Алар балансты кошумча каражат албастан эле толуктоого жардам беришет.
- «Мобилдик которуу»
Мобилдик эсепти толуктоонун өзгөчө оңой жолу тууралуу билгиңиз келеби? MegaCom түйүнүнүн ичинде жеткиликтүү болгон бул ыкма *550#1#055Ххххххх#которулуучу сумма# буйруусун терүү аркылуу ишке ашат. Толугураак: http://bit.ly/mobilnyi_perevod
- Банк аркылуу которуу
Эгерде Сиз жүргөн өлкөнүн каалаган банкынын төлөм картасынан колдонуп жүргөн болсоңуз, анда эч кыйынчылыксыз эле төлөм жүргүзө аласыз, каражат телефон номуруңуздун балансына көз-ачып жумгуча которулат!
Толугураак маалымат megacom.kg сайты жана *500 номуру аркылуу жеткиликтүү.