Перейти на новый сайт

MegaCom маалымдайт

«Альфа Телеком» (MegaCom) ЖАК төмөндөгү иштебеген эсептен чыгарылган мүлктү сатуу боюнча тоорук (ачык аукцион) өткөрүү тууралуу маалымдайт:

  • ЛОТ №1: АКБ 100 А/с - 162 даана, АКБ 45 А/с - 5 даана.
  • ЛОТ №2: чыңалуу стабилизатору 10 кВА- 23 даана.
  • ЛОТ №3: АВВГ кабели (кесилмелер) 10 кв.мм - 446 м., АВВГ кабели (кесилмелер) 16 кв.мм – 2782 м.
  • ЛОТ №4 Электр энергиясын эсептөө шаймандары, 3 фазалык -187 даана.

Жогоруда көрсөтүлгөн мүлк бир лот менен сатылат.

Жогоруда көрсөтүлгөн мүлктүн баштапкы (старттык) наркы:

  • ЛОТ №1 - 177400 сом.
  • ЛОТ №2 -13900 сом.
  • ЛОТ №3 -10406 сом.
  • ЛОТ №4 -374 сом.

Аукционго катышуу үчүн кызыкдар тараптардан төмөндөгүлөр талап кылынат:

· Баштапкы наркынан төмөн болбогон баа көрсөтүлгөн коммерциялык сунуш;

· юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн  көчүрмөсү же юридикалык жакты түзбөстөн жеке ишкерлик менен алектенген жарандын каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү.

Жогоруда аталган документтер «Эсептен чыгарылган кубат берүү системаларын сатуу боюнча аукционго катышуу үчүн» деген белгилөөсү менен, жана да катышуучунун аталышын көрсөтүү менен конвертке салынган жана чапталган болуусу керек. Документтер «Альфа Телеком» ЖАКтын кеңсесинде Бишкек ш., Сүйүмбаев көч. 123 дареги боюнча 2018-жылдын 18-июнунда саат 10:00гө чейин кабыл алынат. Конверттер 2018-жылдын 18-июнунда саат 10:00дө ачылат. Аукциондун катышуучулары/алардын өкүлдөрү конверттерди ачууда катыша алышат. Жанында инсандыгын тастыктаган документи болушу зарыл.

Эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу ачык аукциондун жеңүүчүсү болуп саналат. Ачык тооруктун жеңүүчүсү болуп табылган катышуучу, аукциондун жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюлгандан кийин 10 (оң) иш күнүнөн кечиктирбестен, сатып алынган мүлк үчүн акча каражатын төгүүсү зарыл. Эң жогорку сумманы сунуштаган катышуучу сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдөн баш тарткан учурда жана/же мүлктүн  баасын төлөбөсө ал катышуучунун сунушу четтетилет, андан кийинки жогорку бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү болуп табылат.

Аукционго катышууга кызыккан жактарга мүлктү алдын ала көрүү сунушталат. Кызыкдар тараптар мүлктү көрүү үчүн төмөндө көрсөтүлгөн реквизиттер аркылуу кайрылышса болот. Мүлктү көрүү күнү жана убактысы түздөн-түз компания тарабынан аныкталат жана бул тууралуу кызыкдар тараптарга  алдын ала билдирилет.

Тооруктун уюштуруучусу  –  «Альфа Телеком» ЖАК. Аукцион, аны өткөрүү тартиби компанииянын www.megacom.kg. сайтында жайгаштырылган. Маалыматты 0555 905040 телефону аркылуу алууга болот.

Уюштуруучу аукциондон каалаган убакытта баш тартууга укуктуу, бирок аны өткөрүүдөн үч күн мурда, кечиктирбестен, тиешелүү маалыматты сайтка жайгаштыруусу талап кылынат.

Сунушталган кызматтар

  • Wi-Fi таратуу

    кызматы

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы

  • «Суу кемелериндеги роуминг»

    кызматы

  • "Телефон кайда?"

    кызматы