Перейти на новый сайт

MegaCom оюнчуларынын FUT-Лига чемпионатындагы кезектеги жеңиши

MegaCom оюнчуларынын FUT-Лига чемпионатындагы кезектеги жеңиши

MegaCom футболдук командасынан кайрадан жагымдуу кабар! Спортчуларыбыз үчүн Кыргызстандын ири  FUT-Лига турниринин  «Күз-Кыш – 2018»  Сезону жемиштүү болду. КРдин Футбол федерациясынын футбол талааларында, 18-февралдан 13-майга чейин,  футбол сүйүүчүлөр арасында өткөрүлгөн бул турнирде мегакомчулар кайрадан жеңиш байрагын желбиретишти.

Он үч оюндун сегизин утуп алып үчүнчү байгелүү орунду ээлеген мегакомчулар  турнирдик таблица боюнча  алдыңкы сапка жылып, Биринчи дивизиондон Премьер-лигага  өтүп, кийинки сезондо Премьер-лигада ойноого жолдомо алышты.

Чечүүчү беттешүүлөрдө компания кызматкерлеринен турган топ бирдиктүү  жана мыкты оюн көрсөтө алышты. Айтмакчы, шамдагай оюнчубуз  Адилет Ибраимкулов «Мыкты коргоочу» болуп табылгандыгын да белгилебей коюуга болбойт.

MegaCom футболчулары FUT-лига футбол сүйүүчүлөр чемпионатына 2009-жылдан тарта катышып келишет. Азыркы учурда лигага түрдүү  мекеме-уюмдардын  110дон ашык командасы кирет. Алар дивизиондорго бөлүнгөн. MegaCom компаниясы өз кызматкерлерин жеңиши менен куттуктайт жана спорттук бийиктиктерди багындыра берүүсүнө тилектештигин билдирет!         

Сунушталган кызматтар

  • «Чакыруунун дарегин жаңыртуу»

    кызматы

  • «Досумдун эсебинен чалуу»

    кызматы

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы

  • «Сиздин төлөм»

    кызматы