Перейти на новый сайт
Мобилдик интернеттин активдүү колдонуучусу ким?

Мобилдик интернеттин активдүү колдонуучусу ким?

Мобилдик интернетти колдонуучалардын саны жана онлайнда болгон убакыттын тынымсыз өсүүсү баардыгыбызга эле белгилүү болгону анык. Ким канча убакыт жана кайсыл максатта «мобилдик телефон менен колдонот»? MegaCom компаниясынын Стратегиялык өнүгүү бөлүмүнүн Адистери бул жаатта изилдөөлөрдү жүрзүзгөн, изилдөөнүн жыйынтыгы кызыктуу болгон.

Изилдөөнүе жыйынтыгында кийинки маалымат белгилүү болду, MegaCom мобилдик түйүнүндө тейленген абоненттер арасында мобилдик интернетти активдүү колдонгондордун жаш курагы 12ден 34кө жашка чейин. Бул көрсөткүчтө жаштар саны көпчүлүккө ээ болду. Мобилдик телефон менен колдонгон мектеп жана ЖОЖдун окуучуларынын 90% ашууну мобилдик интернетти активдүү колдонуучулар катарын толуктап келет.

Жаш курагы 45тен жогору болгон абоненттер Дүйнөлүк желенин кызматтарын аз колдонуучулар санына киргени белгилүү болгон. Эгерде ишмердүүлүк жаатын ала кетсек, булар-бааргерлер жана айыл чарба чөйрөсүндө эмгектенгендер.  

Изилдөөнүн жыйынтыгына токтоло кетсек, мырзалар мобилдик интернет менен айымдарга салыштырмалуу кескин түрдө көбүрөөк колдонушат.

Географиялык жактан алаганда алдыңкы орундарда борбор калаабыз Бишкек жана түштүк калаабыз Ош шаарынын туругундары. Өлкөбүздүн эки ири шаарларында интернет-трафик өтө чоң көлөмдө сарпталат. Ал эми аймактар боюнча MegaCom түйүнүнүн мобилдик интернетинин активдүү колдонуучулары-Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундары. Бул көрсөткүчтөр боюнча Нарын жана Талас облустарынын тургундары кийинки орундарда.

MegaCom мобилдик түйүнүндө тейленген абоненттер арасында видеороликтерди көрүү үчүн Youtube порталы, социалдык түйүндөрдөн музыка угуу үчүн VKontakte түйүнү колдонулат.           

Mega-түйүндүн абоненттери мобилдик интернетте «Одноклассники», Facebook, Instagram социалдык түйүндөрүн көбүрөөк колднушат, негизги мессенджер катары WhatsApp мобилдик колдонмосуна артыкчылык берээрип, издөөчү жана маалыматтык-жаңылык сайттары көп колдонуусу белгилүү болгон.

Сунушталган кызматтар

  • «Абадагы байланыш»

    кызматы

  • «ЗОЖ»

    кызматы

  • VoLTE

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр Этномедиа

    кызматы