Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктоо иш-чарасы болуп өттү

MegaCom компаниясында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктоо иш-чарасы болуп өттү

Улуу Жеңиштин 73 жылдыгын утурлай  келечек муунга бейпил жашоо тартуулаган  Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары  үчүн  MegaCom компаниясында майрамдык иш-чара болуп өттү.

Мобилдик оператордун адистери ардагерлерди жагымдуу маанайда  тосуп алып, гүлдестелерин берип, өз күчтөрү менен даярдалган майрамдык концертин тартуулашты. Ден соолугуна байланыштуу айрым карыяларыбыз  келе албай калгандыгы өкүнүчтүү.  Алардын ордуна жакындары келишти.

  

Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктаган соң,  чакырылган ардактуу меймандар үчүн майрамдык түштөнүү даярдалган. Социалдык жооптуу компания болуу менен,  MegaCom туруктуу негизде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, ооруктун эмгекчилерине, Ленинград курчоосуна кабылгандарга,  концлагерлерде туткунда болгондорго өз каражаттарынын эсебинен бир жолку берилүүчү акчалай төлөм түрүндө колдоо көрсөтүп келет.     

«Мындан тышкары, жыл сайын MegaCom «Улуу Жеңиш» кайрымдуулук марафонун өткөрүүнү салтка айландырган.  Баатырларыбыздын эрдигине таазим этип, алардын жашоосуна кайдыгер карабаган абоненттерибиз тарабынан топтолгон акча каражаттары ардагерлерибизге тең  бөлүнүп  берилет », - деп белгилей кетти  MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов.

 «Улуу Жеңиш» кайрымдулук акциясы улантылууда жана каалоочулар катыша алышат. Өткөн жылдардагы акциялардын жыйынтыктары менен  бул жерден таанышууга болот.   

Көз алдына алаамат күндөр, майдандаштары, жашоосунун ар бир көз ирмеми чубуруп өтүп жаткан ардагерлерибиздин жүздөрүн кубанычтын, эскерүүнүн жашы чайып, өздөрүнүн дарегине айтылган ыраазычылык  сөздөрдү, куттуктоолорду толкундануу менен кабыл алып жатышты.

Сунушталган кызматтар

  • «Кара тизме»

    кызматы

  • «Чакыруунун дарегин жаңыртуу»

    кызматы

  • «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

    кызматы

  • «Engster тил үйрөтүү курстары»

    кызматы