Перейти на новый сайт

«Аламүдүн Гранд» соода борборунда MegaCom компаниясынын жаңы Сатуу жана тейлөө борбору ачылды

«Аламүдүн Гранд» соода борборунда MegaCom компаниясынын жаңы Сатуу жана тейлөө борбору ачылды

Өз туулган күнүндө MegaCom «Аламүдүн Гранд» соода борборунда  жаңы Сатуу жана тейлөө борборун ачты. Бул күндүн аталган соода борборунун кардарлары үчүн эсте калаарлык болгондугу бекеринен эмес. Аларды кош майрамдын урматына уюлдук оператор тарабынан даярдалган ажайып программа күтүп турду.  «Эл эмне дейт?» скетч-шоусунун  алып баруучулары кардарлар үчүн   кызыктуу  конкурстарды өткөрүп, жеңүүчүлөр компаниянын фирмалык белектерине ээ болушту.  Үч айга кошулган чектөөсүз интернети менен роутерди  мега-түйүндүн кызматтарынан 10 жылдан ашык убакыттан бери колдонуп келе жаткан абонент утуп алды! Роутер татыктуу ээсин тапкандыгы өзгөчө  кубанычтуу болду. Компаниянын абоненттеринин катарына жаңыдан кошулуп жаткандар үчүн өзүнчө конкурс уюштурулуп, бул жолку жеңүүчүгө  4G колдоосу менен смартфон тапшырылды.

Чогулгандардын алдында белгилүү ырчылар жана бийчилер өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Жаңы ачылган  борборго кайрылган кардарларга кызматтардын кеңири түрлөрү көрсөтүлөт. Маселен, номур сатып алуу, SIM-картаны акысыз каттоо, тарифтик планды же номурду алмаштыруу,  балансты толуктоо, жана да адистин кеп-кеңешин алуу.

MegaCom компаниясынын жаңы Сатуу жана тейлөө борборунун дареги: Жибек –Жолу проспектиси, 150, «Аламүдүн Гранд» соода-көңүл ачуу  борбору, 1-кабат (Алма-Ата көчөсүнөн кир.) бутик №1, иш убактысы: саат 08:00 дөн 20:00гө чейин, тыныгуусуз жана дем алышсыз.

Жаңы Сатуу жана тейлөө борбору Сиздерди күтөт!

Сунушталган кызматтар

  • «Роумингде балансымды толукта»

    кызматы

  • Wi-Fi таратуу

    кызматы

  • "Телефон кайда?"

    кызматы

  • Ким чалды?

    кызматы