Перейти на новый сайт
MegaCom кызматкерлери 30 литрден ашык кан тапшырышты

MegaCom кызматкерлери 30 литрден ашык кан тапшырышты 

Компаниянын башкы директору  Азат Базаркулов башында турган  MegaCom компаниясынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Республикалык кан борбору менен биргеликте өткөрүлгөн ыктыярдуу кан тапшыруу  акциясына катышты.

Башкы кеңсе жайгашкан имарат кан тапшыруу үчүн кезек  күткөн кызматкерлерге толуп турду. “Кырсык каш-кабактын ортосунда” демекчи, канга муктаж болуу күнгө же түнгө, кышка же жайга карабайт эмеспи.  Ыктыярдуу кан тапшыруу менен өмүрү кылдын учунда турган канчалаган адамды ажалдан алып калууга болот. Компанияда муну өзүнүн парзы катары түшүнүп, адам өмүрүн сактоого өз салымын кошууну каалагандардын саны арбын. Ыктыярчылардын айрымдарын донордук пункттун дарыгерлери жакшы таанышат.

«MegaCom компаниясына кан тапшыруу үчүн бешинчи ирет келдик. Биз ар бир жолу келген сайын кан тапшырып жаткандар да бар. Адам өмүрүнө кайдыгер карабаган ыктыярдуу донорлордун саны арбып келе жаткандыгы кубандырат. Жыйналган кан жана анын компоненттери бейтапканалардагы донордук канга муктаж болгон бейтаптарга куюлат», - деп белгиледи көчмө топтун башчысы Гульмира Жакыпбаева.

Бул жолу акцияга компаниянын 67 кызматкери катышты. Каалоочулардын саны мындан да көп болду, тилекке каршы,  медициналык көрсөткүчтөрү дал келбегендиктен, алардын көпчүлүгү донор боло алышкан жок. Өтө сейрек кездешкен үчүнчү терс топтогу кандын алынышы дарыгерлер үчүн мыкты табылга болду. Дал ушул топтогу кан  учурда абдан оор абалдагы бейтап аял үчүн зарыл болуп жаткан  эле.  Жалпысынан алганда 30 литрден ашык кан топтолду. MegaCom социалдык жоопкерчиликтүү компания катары,  мекендештердин көйгөйлөрүнө жана муктаждыгына кош көңүл карабайт. Билим берүү, маданият жана спорт чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу менен бирге эле, саламаттыкты сактоо жаатындагы социалдык демилгелерге да байма-бай колдоо көрсөтүп келет.

 

 

Сунушталган кызматтар

  • Менталдык жардам

    кызматы

  • «Mega USSD»

    кызматы

  • «Тыным»

    кызматы

  • «Телефон чал!»

    кызматы