Перейти на новый сайт

MegaCom: «Алдын ала төлөнүүчү роуминг» кызматы Венгрия жана Греция өлкөлөрүндө да жеткиликтүү

MegaCom: «Алдын ала төлөнүүчү  роуминг» кызматы  Венгрия жана Греция өлкөлөрүндө  да жеткиликтүү

MegaCom  «Алдын ала төлөнүүчү роуминг» кызматы жеткиликтүү болгон байланыш түйүндөрүнүн катарына Vodafone HU (Венгрия) жана GR Vodafone (Греция) уюлдук операторлору да кошулду.

Акыркы жылдарга сереп салсак, кыргызстандыктар чет өлкөлөргө ишкер сапарлар менен гана жол тартпастан, эс алуу үчүн да бара башташкандыгы байкалууда. Бул, албетте, кубандырбай койбойт. Саякат жасоодон алган жагымдуу таасирлер, бактылуу көз ирмемдер  өмүр бою эсиңден чыкпайт эмеспи.  MegaCom абоненттери мекенинен канчалык алыста жүрсө да, жакындары менен ар дайым байланышта боло алышат.

«Алдын ала төлөнүүчү роумингдин» артыкчылыктары: балансты толуктоонун ыңгайлуу жолу, каражаттарды үнөмдүү сарптоону шарттаган кошумча кызматтарды кошуу, чыгымдарды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү.

MegaCom компаниясынын «Алдын ала төлөнүүчү роумингинин» каптоо аймагы  күндөн-күнгө кеңейип келет. Тарифтер тууралуу толук маалымат жана «Алдын ала төлөнүүчү роуминг» кызматы боюнча өлкөлөрдүн тизмеси  «Роуминг» бөлумундө жайгаштырылган.

MegaCom — чектөөсүз баарлашуу!

Сунушталган кызматтар

  • more.tv онлайн-кинотеатры!

    кызматы

  • «MegaCom 4G USB модеми»

    кызматы

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы

  • «SIM-меню»

    кызматы