Перейти на новый сайт
MegaCom: Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине ыраазычылык билдириңиз – "Улуу Жеңиш" акциясына кошулуңуз

MegaCom: Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине ыраазычылык билдириңиз – "Улуу Жеңиш" акциясына кошулуңуз

Улуу Жеңиштин  73 жылдыгын утурлай,  MegaCom компаниясынын  «Улуу Жеңиш» акциясы башталды. Салтка айланып калган бул акцияга  мега-түйүндүн бардык абоненттери катыша алышат. Тарых барактарыбызда кызыл сызык менен өтүп турган Жеңиш күнүнө дагы бир ирет таазим этели.

Бизге бейпил жашоону тартуулаган ардагерлерибиздин катары жылдан-жылга суюлуп бара жаткандыгы өкүнүчтүү. “Көп түкүрсө көл болот” дегендей, ардагерлерибизди материалдык жактан колдоого өз салымыңызды Сиз да кошо аласыз. Бул үчүн мобилдик телефонуңуздан 1945 кыска номуруна  каалагандай  текст менен SMS жөнөтүү жетиштүү. Бир SMSтин наркы бардык салыктарды эсепке алуу менен 20 сом.

MegaCom кайрымдуулук SMS-марафонун өткөрүп келе жаткандыгына быйыл 7 жылдын жүзү болду. Саамайларын ак бубак баскан ардагерлерибиздин жашоосуна кайдыгер карабаган абоненттерибиз тарабынан которулган акча каражаттары, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жана социалдык өнүгүүнүн райондук башкармалыктары тарабынан берилген тизмеге ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бөлүштүрүлүп берилет. 2017-жылы 1945 кыска номуруна 22 миңден ашуун SMS жөнөтүлүп, салыктар кармалгандан кийин 470 400 сом топтолгон.

Мындан тышкары, MegaCom компаниясы жеке каражаттарынын эсебинен 9- Майга карата республика боюнча колдоого алынган ар бир ардагерге 2000 сомдон бөлүп берип, жана да  согушка катышкан жана оорукта эмгектенген ардагерлер үчүн  майрамдык иш-чара өткөрөт. Жыл сайын «Жакындарга чалуу» жана «Полктошторго чалуу» акциялары уюштурулуп, ардагерлерибиз өлкө аймагы боюнча акысыз чалуу аткарып, жакын адамдары менен чер жаза баарлаша алышат.

Өткөн жылдарда өткөрүлгөн  «Улуу Жеңиш» акциясынын жыйынтыктары менен компаниянын сайтынан таанышууга болот.

 

 

 

 

Сунушталган кызматтар

  • «Номурду кайрадан каттоо»

    кызматы

  • «Эл аралык байланыш»

    кызматы

  • E-mail дарекке деталдоо

    кызматы

  • «Сиздин төлөм»

    кызматы