Перейти на новый сайт

MegaCom төлөм терминалдары менен колдонуңуз

MegaCom төлөм терминалдары менен колдонуңуз

MegaCom компаниясы байланыш кызматтары үчүн төлөмдү комиссиясыз кабыл алууну шарттаган жеке төлөм терминалдарынын түйүнүн кеңейтип келет.

Алдыңкы мобилдик оператордун фирмалык түсүндөгү ыңгайлуу, заманбап аппараттар Бишкек шаарынын эл көп чогулган жерлерине орнотулган. MegaCom абоненттери мобилдик телефонунун балансын комиссиясыз жана тез толуктап, жана да коммуналдык кызматтарды каалаган убагында төлөй алышат.

MegaCom терминалдарынын жардамы менен шаар тургундары жана калаабыздын меймандары зымдуу интернет кызматтары үчүн акы төлөө, электрондук капчыкты толуктоо, каталогдон тандап алган товарлары үчүн төлөм жүргүзүү сыяктуу көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланса болот. Белгилей кетчү нерсе, бул аппараттардын жардамы менен Кайгуул милициясы тарабынан салынган айып пулду, ИИМ тарабынан берилүүчү соттолбогондук тууралуу маалымдама үчүн акыны, мүлктүк салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө да мүмкүнчүлук бар.

MegaCom терминалдарынын интерфейси түшүнүүгө оңой жана жеткиликтүү. Ар бир адам – мектеп окуучуларынан ардагерлерге чейин оңой эле төлөм жүргүзө алат. Төмөндөгү аракеттерди аткаруу гана талап кылынат:

  • өзүңүзгө керектүү кызмат көрсөтүүчүнү тандоо;
  • төлөмдүн реквизитин көрсөтүү (мобилдик телефондун номуру, эсептешүү эсеби же жеке эсеп ж.б.);
  • акчаны купюра кабыл алгычка киргизүү;
  • төлөм ошол замат кабыл алынат жана төлөмдүн жүргүзүлгөндүгү терминал тарабынан берилген чек менен тастыкталат.

Бул түзмөк аркылуу кабыл алынган төлөмдөр, реалдуу убакыт режиминде ишке ашырылат. Акча каражаттары саналуу секундалардын ичинде белгиленген эсепке түшөт. Бул төлөм терминалынын бирден бир артыкчылыгы. Эми, кезек күтүп убара болбостон, убактыңызды үнөмдөй аласыз.

MegaCom терминалдарынын даректерин компаниянын расмий сайтынан көрүүгө болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Сенин номуруң» жана «Номурду брондоо»

    кызматы

  • «Тыным»

    кызматы

  • «Учурдагы Баланс» кызматы

    кызматы

  • «Телефон чал!»

    кызматы