Перейти на новый сайт

MegaCom: Велосезон-2018 ачык!

 MegaCom: Велосезон-2018 ачык!

1-апрелде MegaCom`дун желегинин алдында велоспорт сүйүүчүлөр үчүн  көптөн күткөн жана салтка айланган – Веложарыш-2018 болуп өттү. Бишкек шаарынын жүздөгөн велосипедчилери  шаардын борбордук көчөлөрүн кыдырып, Уркуя Салиеванын эстелигинен тарта Түштүк дарбазасындагы “Жеңиш” сейил багына барышты.

Аба ырайы бүркөө, жаанчыл болгонуна карабай белгиленген күнү, белгиленген саатта, Революциянын каармандарына монументинин жанына чогулган элдер улам арбый берди. Мындай спорттук иш-чара ар кандай курактагы ондогон адамдардын башын бириктире алды. Арасында велоспортту сүйүүчүлөр, дасыккан спортчулар да болду. Катышуучуларды майрамдык маанай, кубаныч курчап жана стартты чыдамсыздык менен күтүп атышты. Уюштуруучулар MegaCom`дун фирмалык футболкаларын таратып атканда, катышуучулар сүрөткө түшүп, видеого тартып, селфи кылып өздөрүнүн сезимдерин социалдык тармактарда автивдүү бөлүшүп атышты. Бул жылы салтанат көп велосүйүүчүлөрдүн башын бириктирди, сезондун ачылышына 1300дөн ашуун адам келди.

Келген эл толугу менен чогулуп, коопсуздук эрежелери түшүндүрүлгөн соң  уюштуруучулар веложарышка стартты жар салып, велосипедчилер буга чейин көнгөн каттамы менен жөнөштү. Веложүрүш Чүй проспектиси, Манас проспектиси, Бөкөнбаев, Байтик баатыр көчөлөрү менен жүрүп, акыры  “Жеңиш” паркынан жыйынтыкталды. Жалпысынан велосүйүүчүлөр 10 чакырым аралыкты басып өтүштү. Идеяны жана  бул спорттун баалуулугун барктаган MegaCom компаниясынын ондогон кызматкери да катарга кошулду.

Шаар тургундары велосипедчилерди таңдануу, суктануу менен карап колдоо сөздөрүн айтып кыйкырып атышты. Унаа айдагандар велоколоннаны толугу менен өтүп кеткиче сабырдуулук менен күтүп турушту. Колоннаны Жол кайгуул милициясынын автоунаасы, “Тез жардам” кызматы  жана R-Bikers велоспорт жана велотуризмдин федерациясынын тажрыйбалуу маршалдары коштоду.

Түштүк дарбазадан веложарыштын биринчи финиши болду. Чогулгандарды компаниянын коммерциялык директору Нурбек Ишекеев:

“MegaCom Кыргызстандагы бардык маанилүү иш-чараларга колдоо көрсөтүп келет. Шаар тургундарына жаккан веложарыш жыл сайын велосезондун ачылышына түрткү берет. Жыл сайын катышуучулардын саны арбып атканы кубандырат. MegaCom төрт жыл катары менен масштабдуу веложарышка башкы өнөктөш болуп келет. Быйылкы жылдын  сезонун биз жаштарга ылайыкталган “Хайп” жаңы тарифтик планына арнадык. “Хайп”- замандан арттка калбай активдүү, заманбап өсүп келе аткан адамдар үчүн”,- деп куттуктоо сөзүн жыйынтыктады.

Кыргызстандагы популярдуу «Жарайт City»  жана «Эл эмне дейт?» скетч-шоусунун өкүлдөрү Алинур Абдыкалыков менен Радик Эшимов катышуучулардын маанайын көтөрүштү. Алып баруучулар бир нече көңүлдүү сынактарды өткөрүп, жеңүүчүлөр жана активдүү катышуучулар уюлдук оператордун фирмалык кол чатырына, күрмөсүнө, спорттук сумкасына, жылуу пледге жана жолго алып чыгууга ынгайлуу термосторго ээ болушту.

Бир аз эс алып, шоу-программаны көргөн соң катышуучулар “Фламинго” сейил багына келип  MegaCom тарабынан даярдалган ысык тамак менен сыйланышты. “Велосезондун ачылышына биринчи ирет келдим. Бул жактагы маанай абдан жагып атат. Бүгүнкү аба ырайынан улам мынчалык көп велосүйүүчүлөр келет деп ойлогон эмесмин. Бирок жаанчыл, бүркөө аба ырайына карабай уюштуруучулар майрамдык маанай, жаз күндөгүдөй жагымдуулук тартуулашты. MegaCom компаниясына ыракмат!” - дейт өзүн Анара деп тааныштырган веложарыштын катышуучусу. 
Баса белгилеп кетчү жагдай, көптөн күткөн жолугушууну R-Bikers Тоо велоспорт федерациясы жана BOOM Studio ассоциациясы өткөрдү. Кыргызстандагы спортту колдоо жана өнүгүүсүнө өзгөчө маани берген MegaCom компаниясы 21-апрелде Ош шаарында  өтө турган веложарышка чакырат.  Кененирээк маалыматты компаниянын сайтынанFacebook, Instagram, Twitter и Одноклассники сайттарындагы расмий баракчаларыбыздан биле аласыздар.

Сунушталган кызматтар

  • Чалууну күтүү жана кармап туруу

    кызматы

  • «Сиздин мобилдик эсебиңиз»

    кызматы

  • «Ассистент»

    кызматы

  • «Суу кемелериндеги роуминг»

    кызматы