Перейти на новый сайт
MegaCom: Бишкек шаарында жаз жарчысы болгон веложүрүш-2018 башталмакчы

MegaCom: Бишкек шаарында жаз жарчысы болгон веложүрүш-2018 башталмакчы

MegaCom велоспортту  сүйүүчүлөрдү кезектеги веложүрүшкө катышууга чакырат! Веложүрүш-2018 расмий түрдө 1-апрелде башталат. Темир тулпарларды жүрүшкө даярдап, же болбосо убактылуу колдонуу үчүн ээлеп коюуга мезгил жетти. 

Бишкек шаарында веложүрүш өткөрүү салтка айланып калгандай, тактап айтканда, мындай иш-чаранын өткөрүлүп келе жаткандыгына быйыл 12 жылдын жүзү болот. Велоспорт коомчулук арасында кеңири кулач жайып, катышуучулардын саны жылдан - жылга арбыгандыгы байкалат. Маселен,  2014-жылы  200дөн ашыгыраак, 2016-жылы 1000 ден ашык, ал эми  2017-жылы  2000 чамалуу адам чогулган. MegaCom төртүнчү жыл катары менен бул спорттук иш-чарага башкы өнөктөш болуп келүүдө.

Белгиленген күнү  MegaCom  компаниясынын башкы директору  Азат Базаркулов  баштаган шаарыбыздын тургундарынан жана меймандарынан турган велосипедчендер тобу шаарыбыздын борбордук көчөлөрү аркылуу өтмөкчү.

Жыйналуучу дарек:  Революциянын каармандарына монумент (Уркуя Салиеванын эстелиги) Чүй пр. жана Абдрахманов (Совет) көчөлөрүнүн кесилиши. Убактысы: саат 9:00. Веложүрүш Чүй пр.      Манас пр. –  Бөкөнбаев - Байтик Баатыр (Совет) көч.- Жеңиш паркы маршруту боюнча жолун улайт. Колоннаны Жол кайгуул милициясынын автоунаасы жана "Tour -Bikers" Велоспорт жана велотуризм федерациясынын тажрыйбалуу маршалдары коштойт. Катышуучулардын бардыгына  компаниянын фирмалык футболкалары тартууланат.

Жеңиш паркындагы марага жеткенде, катышуучуларды кызыктуу тамашалар жана шайыр конкурстар күтөт. Конкурстарга катышып мобилдик оператордон фирмалык белектерди утуп алууга да болот. Сейил бакта бир аз тыныгып алган велосипедчендер Орто-Сай айылына карай багыт алып, ал жерде уюлдук оператордун дасторконунан даам сызышмакчы.

Веложүрүшкө катышууну кааласаңыз, бузугу жок велосипедиңиздин болгондугу жана жолдо жүрүүнүн эң жөнөкөй эрежелерин билгендигиңиз жетиштүү.

Компания коомчулукту спортту өнүктүрүүгө жана сергек жашоого үндөп келет. Дем алыш күндөрүңүздү MegaCom менен бирге өткөрүңүз, Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчабыз аркылуу иш-чарадан кабардар болуңуз!

MegaCom -спорт  жана сергек  жашоо үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • «Роумингде шартсыз каттоо»

    кызматы

  • MEGOGO

    кызматы

  • «MegaCom 4G USB модеми»

    кызматы

  • «Куткаруучу тегерек»

    кызматы