Перейти на новый сайт
MegaCom маалымдайт

«Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom соода белгиси) төмөндөгү иштебеген эсептен чыгарылган мүлктү сатуу боюнча тоорук (ачык аукцион) өткөрүү тууралуу маалымдайт:

  • Сплит системалар:
    • york12 (ички 70, тышкы 72)
    • mitsubishi12 (ички 26, тышкы 29)
    • carrier12 (ички 13, тышкы 13)
    • panasonic12 (ички 17, тышкы 20)
    • LG12 (ички 5, тышкы 5)
    • Trane12 (ички 4, тышкы 2)
    • york24 (ички 1)
    • samsung24 (ички 1, тышкы 3)
    • Toshiba24 (ички 4, тышкы 4)
    • Panasonic24 (ички 2, тышкы 2)
    • carrier24 (ички 1, тышкы 1)
  • Каналдык  жана колонна  кондиционерлери:
    • каналдык кондиционерлер Carrier 60 - 2 даана (ички блоктору радиаторлору жок);
    • каналдык кондиционерлер Carrier 48 - 1 даана;
    • каналдык  кондиционер Trane 48 - 1 даана;
    • колонна кондиционерлери TCL48 ички блок - 2 даана (тышкы TCL - 1 даана, Tadiran - 1 даана)

 

Жогоруда көрсөтүлгөн мүлк бир лот менен сатылат.

Жогоруда көрсөтүлгөн мүлктүн баштапкы (старттык) наркы – 383 975 сом.

Аукционго катышуу үчүн кызыкдар тараптардан төмөндөгүлөр талап кылынат:

  • старттык баасынан төмөн болбогон баа көрсөтүлгөн коммерциялык сунуш;
  • юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн  көчүрмөсү же юридикалык жактын билими жок   жеке ишкерлик менен алектенген жарандын каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү.

Жогоруда аталган документтер «Эсептен чыгарылган желдетүү системаларын сатуу боюнча аукционго катышуу үчүн» деген белгилөөсү менен, жана да  катышуучунун аталышын көрсөтүү менен конвертке салынган жана чапталган болуусу керек.  Документтер   «Альфа Телеком» ЖАктын кеңсесинде  Бишкек ш., Сүйүмбаев көч. 123 дареги боюнча  10:00  2018-жылдын 5-апрелине саат 10:00гө чейин кабыл алынат. Конверттер 2018-жылдын         5-апрелинде саат 10:00дө ачылат. Аукциондун катышуучулары/алардын өкүлдөрү конверттерди ачууда катыша алышат. Жанында инсандыгын тастыктаган документи болушу зарыл.

Эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу ачык аукциондун жеңүүчүсү болуп саналат.  Ачык тооруктун жеңүүчүсү болуп табылган катышуучу, аукциондун жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюлгандан кийин 3 (үч) иш күнүнөн кечиктирбестен, сатып алуу-сатуу келишимине кол коюусу  зарыл. Эң жогорку сумманы сунуштаган катышуучу сатып алуу-сатуу  келишимин түзүүдөн баш тарткан учурда жана/же мүлктүн  баасын төлөбөсө ал катышуучунун сунушу четтетилет, андан кийинки жогорку бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү болуп табылат.

Аукционго катышууга кызыккан жактар мүлктү алдын ала  көрүүгө  укуктуу. Кызыкдар тараптар мүлктү көрүү үчүн төмөндө көрсөтүлгөн реквизиттер аркылуу кайрылышса болот. Мүлктү көрүү күнү жана убактысы түздөн-түз компания тарабынан аныкталат жана бул тууралуу кызыкдар тараптарга  алдын ала билдирилет.

Тооруктун уюштуруучусу  –  «Альфа Телеком» ЖАК. Аукцион, аны өткөрүү тартиби компанииянын www.megacom.kg. сайтында жайгаштырылган. Маалыматты 0555 50 52 52 телефону аркылуу алууга болот.

Уюштуруучу аукциондон каалаган убакытта баш тартууга укуктуу, бирок аны өткөрүүдөн үч күн мурда, кечиктирбестен, тиешелүү маалыматты сайтка жайгаштыруусу талап кылынат.

Сунушталган кызматтар

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы

  • «Балдар кайда?»

    кызматы

  • MegaCloud булутта сактагычы

    кызматы

  • «Суу кемелериндеги роуминг»

    кызматы