Перейти на новый сайт
MegaCom менен кышкы эс алууңузду  көңүлдүү өткөрүңүз

MegaCom менен кышкы эс алууңузду  көңүлдүү өткөрүңүз

                             
 

    Ар бир жыл мезгилинин өзүнчө ырахаты болот эмеспи. Кышкы аязды тоготпостон, күн нуруна чагылыша көз уялткан аппак карды жирей  таза абада эс алууну каалагандардын  саны арбын. Быйылкы тоо лыжа сезонунда да MegaCom компаниясы өлкөбүздүн белгилүү тоо лыжа курортторунда эс алып жаткан абоненттерин ишенимдүү байланышы менен камсыз кылды.

 «Чуңкурчак», «Орловка», «Зил», «Норус», «Тогуз- Булак», «Каракол» жана «Төө- Ашуу» базаларында жүргүзүлгөн техникалык жумуштардын натыйжасында базалык станциялардын өткөрүү жөндөмдүүлүгү жана маалымат өткөрүү каналдардын сыйымдуулугу жакшырды.  «Каракол» жана  «Чуңкурчак» тоо лыжа курортторунда MegaCom  компаниясынын 4G LTE жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернетинен колдоно аласыз.

Кайсы карлуу чокуда жүрсөңүз да, жакындарыңыз менен байланышта болуңуз, эсте калаарлык таасирлериңиз менен бөлүшүңүз, социалдык түйүндөргө сүрөттөрдү жана видеолорду жүктөңүз,музыка угуңуз жана дүйнө жүзүндө болуп жаткан жаңылыктардын борборунда болуңуз!

4G LTE түйүнүнө кошулууда, мобилдик телефонуңуздун жана SIM-картаңыздын LTE стандартын колдой тургандыгын текшерип алыңыз. *460 акысыз буйруусун терген учурда, система: «SIM-картаны алмаштырыңыз» деп жооп берсе, компаниянын жакын жерде жайгашкан  Сатуу жана тейлөө борборуна  же  Фирмалык  салонуна  кайрылуу керек. Бул жерден  эски SIM-картаңызды  4G LTE стандартындагы жаңысына акысыз алмаштырып беришет.

 MegaCom сапаттуу байланышы сизге жагымдуу кышкы эс алууну,эстен кеткис езимдерди тартуулайт! 

Сунушталган кызматтар

  • «Куткаруучу тегерек»

    кызматы

  • «Онлайн роуминг» топтомдору

    кызматы

  • Ким чалды?

    кызматы

  • Чалууну күтүү жана кармап туруу

    кызматы