Mega iTV – каалаган телеберүүңдү тандап алсаң болот

Mega iTV – каалаган телеберүүңдү тандап алсаң болот

 

Жаңы жылдык майрамдарды көпчүлүгүбүз сыналгыдан телеберүүлөрдү көрүү менен өткөрөт эмеспизби. Ал эми, MegaCom Mega iTV кызматынын жардамы менен санариптик телеберүүнү мобилдик тиркеме аркылуу көрүүгө болот!

Алдыңкы мобилдик оператор абоненттерине телеканалдардын  2 топтомун сунуштайт. Light –  бул суткасына 3 сомдон болгон 40 рейтингдик канал. Эгерде мындан да кызыктуу контентти кааласаңыз, анда Базалык топтомду кошуп алып, жаш курагыңызга жана табитиңизге жараша сунушталган 70 каналдын бирин тандасаңыз болот. Суткасына  болгону  5 сом.

 Mega iTV  – бул кызыктуу  мультфильмдер, сериалдар,  документалдуу фильмдер, мыкты блокбастерлер жана учурда болуп жаткан окуяларды камтыган маалыматтык программалар.

 Mega iTV  жаңы кызматы менен колдонуунун бир катар артыкчылыктары бар. Маселен,  өзүңүзгө жаккан берүүнү же тасманы  өткөрүп жибердиңиз дейли. Телепрограммалардын тизмесин барактап, архивден керектүү контентти тандоо жетиштүү. Мындан тышкары, тандалган каналдардын тизмесин түзүп алып, каалаган учурда  каналдарды которо аласыз.

 Абоненттер экрандын жарыктыгын жана үндүн  бийиктигин  башкара алышат. Бул үчүн экранды басып туруп, манжаңыз менен экранды өйдө-ылдый жылдыруу керек. Экрандын сол тарабы экрандын жарыктыгы, оң  тарабы  үндүн бийиктиги үчүн жооп берет.

Mega iTV кызматын кошуу үчүн төмөндөгү кадамдарды аткарыңыз: 

  • *710*1# буйруусунун жардамы менен телеканалдардын «Базалык» топтомун кошуңуз. Алгачкы жолу кошулууда 3 күн акысыз көрүү бонусу берилет;
  •  Light топтомун *710*2# буйруусунун жардамы менен кошууга болот;
  • Android же iOS базасындагы түзмөгүңүзгө Google PlayMarket жана AppStore мобилдик колдонмолор дүкөнүнөн Mega iTV колдонмосун жүктөп алып, орнотуңуз;
  • Тиркемени ишке киргизгенден кийин, телефондун номурун  055Ахххххх форматында терип, SMS аркылуу келген  паролду киргизиңиз;
  • түзүлгөн аккаунтту ачып, кызыктуу берүүлөрдү көрүүдөн ырахат алыңыз!

Кызматка кошулуу үчүн видео - нускаманы Facebook компаниясынын расмий баракчасынан көрүүгө болот.

Телеканалдардын трансляциясы  Акнет компаниясы аркылуу ишке ашырылат.

Кызматтан бардык абоненттер  («Башат» жана «Базалык» тарифтик пландарынан колдонгон абоненттерден тышкары) колдоно алышат.

Кызматтын жаңы мүмкүнчүлүктөрүнөн колдонуу үчүн Mega iTV тиркемесин байма-бай жаңылап турууну эсиңизден чыгарбаңыз!

Mega iTV тууралуу толук маалымат MegaCom компаниясынын расмий сайтында.

Сунушталган кызматтар

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • «Чакыруунун дарегин жаңыртуу»

    кызматы

  • «Үн почтасы»

    кызматы