Перейти на новый сайт

MegaPay –кызматтар үчүн акы төлөөнүн жаңы онлайн-сервиси!

MegaPay – кызматтар үчүн  акы төлөөнүн  жаңы онлайн-сервиси!

 

MegaCom абоненттери өз смартфонунан электрондук капчыктын жардамы менен  төлөмдөрдү жүргүзүү жана каражатарды которуу ыңгайлуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. MegaPay жаңы сервиси кызматтардын көптөгөн түрлөрү үчүн төлөмдөрдү  эң эле оңой жол менен жүргүзүүгө шарт түзөт.

MegaPay  электрондук капчыгы – бул:

  • Каражаттарды коопсуз колдонуу;
  • 70тен ашуун кызматтар үчүн төлөмдөрдү  телефонуңуздан ыкчам жүргүзүү;
  • Сервистин  күнү-түнү иштөөсү.

MegaCom электрондук капчыгын  баланс толуктоочу  түйүндөрдүн биринен  толуктап алып, андан соң аны  төлөм жүргүзүүнүн  негизги ыкмасы катары пайдаланууга болот. Сервис алдын ала төлөм системасы менен колдонгон бардык абоненттери үчүн жеткиликтүү.

«Биздин абоненттерибиздин төлөм жүргүзүүнүн дагы бир ыңгайлуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. MegaPay – жөнөкөй жана жеткиликтүү сервис. Сиз каалаган учурда балансыңызды толуктап, анын эсебинен кызматтар үчүн акы төлөй аласыз.  Жаңы тиркеме коопсуз жана Сиздин уруксатыңызсыз ага жетки алуу мүмкүн эмес. Абонентке ыңгайлуу коммуникациялар  үчүн – баарлашуу болобу, каржылык операциялар болобу зарыл болгон нерсе – бул смартфон», – деп белгилей кетти, MegaCom компаниясынын коммерциялык директору Нурбек Ишекеев.

Онлайн-сервистин интерфейси  тажрыйбалуу колдонуучулардын да, жаңыдан үйрөнө  баштагандардын да көңүлүнө төп келет. Кесипкөй адистердин күч- аракети менен  MegaPay колдонууга абдан ыңгайлуу болуп иштелип чыккан. Тиркемеге кирүү үчүн: логин –  055Ахххххх форматындагы телефон номуру, кошууда жана каттоодон өтүүдө SMS аркылуу  кабыл алынган  4 орундуу сандан турган жашырынсөз гана талап кылынат.

Түзмөгүңүзгө Play Market-те жеткиликтүү болгон MegaPay тиркемесин орнотуп, же болбосо расмий сайттагы сервистин веб-версиясы менен таанышып алып, ыңгайлуу төлөм шайманы менен колдоно бериңиз.

 

MegaPay – оңой төлө!

Сунушталган кызматтар

  • «MegaCom 4G USB модеми»

    кызматы

  • «Мага кайра чал»

    кызматы

  • MegaKassa

    кызматы

  • «IVR витрина»

    кызматы

    icon