Перейти на новый сайт
MegaCom: SIM-картаны калыбына келтирүү жана каттоо акысыз!

MegaCom: SIM-картаны калыбына келтирүү жана каттоо акысыз!

 

Заманбап SIM-карта манжанын учуна сыя тургандай өлчөмдө болгондуктан, аны оңой эле жоготуп алууга болот. SIM-карта сынып  же кандайдыр бир себептер менен бөгөттөлүп калышы да мүмкүн. Бардык эле абоненттер мындай кырдаалга кабылса керек.

Алдыңкы мобилдик оператор абоненттерине ыңгайлуу жана пайдалуу  кызматтарды ар дайым сунуштап  келет.  Эми MegaCom SIM-карталарды акысыз калыбына келтирип, алмаштырып жана кайрадан каттоодон өткөрөт. Болгону Megacom  Сатуу жана тейлөө борборлорунун  же  Фирмалык салондорунун бирине кайрылуу жетиштүү.

Эгерде буга чейин компания менен тейлөө келишимин түзгөн болсоңуз, жаныңызда инсандыгыңызды тастыктаган документиңиз (номурду кайрадан каттоодо эки абоненттин жанында тең документтин болушу талап кылынат),   SIM–картаңызджана  SIM-картаңыздын «көйнөкчөсү» болушу  зарыл.

Ал эми абонент идентификациялоодон өтө элек болсо, сөзсүз өтүүсү талап кылынат. Каттоодон өтүүнүн жол-жобосу тууралуу толук маалыматты компаниянын тиешелүү адистери тарабынан  жана расмий сайт аркылуу билсеңиз болот. 

 

MegaCom ишенимдүү байланышы жана жогорку ылдамдыктагы 4G Интернети менен ар-дайым колдонуңуз!

Сунушталган кызматтар

  • Сервистик жана шашылыш кызматтар

    кызматы

  • eSIM

    кызматы

  • «Толукта жана утуп ал» викторинасы

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы