Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында жаңы фирмалык салону ачылды
Алдыңкы уюлдук оператор абоненттеринин ыңгайлуулугун эске алып, Кыргызстандын жалпы аймагы боюнча филиалдык түйүндөрдүн тармагын кеңейтүүдө. Бүгүн Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылында компаниянын кезектеги фирмалык салону ачылды.
Тоолуу аймактагы абоненттерибизге жаңы салондо төмөнкү байланыш кызматтары көрсөтүлөт: түйүнгө кошулуу, SIM-картаны акысыз каттоодон өткөрүү, тарифтик планды же номурду тандоо, байланыш кызматтары үчүн төлөм жүргүзүү, кошумча кызматтарды кошуу жана алардан пайдалануу боюнча кеңеш алуу.
Жаңы фирмалык салон Ош облусу, Чоң-Алай району, Дароот-Коргон айылы, Сулайманов көч. (Борбордук базар) дареги боюнча жайгашкан.