Перейти на новый сайт

MegaCom  төлөм терминалдары бардыгы үчүн ыңгайлуу!

MegaCom  төлөм терминалдары бардыгы үчүн ыңгайлуу!

MegaCom компаниясынын төлөм терминалдары калаа тургундары үчүн абдан ыңгайлуу болууда. Алдыңкы мобилдик оператордун фирмалык түстөрүндөгү мындай аппараттар аркылуу абоненттер мобилдик телефонунун балансын комиссиясыз толуктабастан гана, коммуналдык кызматтар үчүн  да төлөм жүргүзө алышат.

MegaCom компаниясынын төлөм терминалдары универсалдуу. Электрондук капчыкты толуктоо, интернет кызматтары үчүн акы төлөө, каталогдордон товарларды сатып алуу  сыяктуу  аракеттерди да бир заматта ишке ашырууга болот.

 ИИМ тарабынан берилүүчү соттолбогондук тууралуу  маалымдама үчүн акы, Кайгуул милициясынын айып пулдарын же  мүлктүк салыктарды жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөгө да болот. Узакка кезек  күтүүнүн зарылчылыгы  жок. Эң башкысы, убактыңызды үнөмдөйсүз! 

Мындан тышкары, Кыргызстандын жашоочулары бул терминалдар аркылуу  Россия, Казакстан жана башка КМШ өлкөлөрүнүн уюлдук операторлорунун абоненттеринин балансын толуктай алат. Бул чет мамлекетке сапар тарткандар, жакындары чет мамлекеттерде жашап жана иштеп жүргөндөр үчүн  ыңгайлуу. 

MegaCom байланыш кызматтарынан колдонуу  үчүн балансты комиссиясыз толуктоого мүмкүн болгон көчө терминалдары жайгашкан даректер:

  • Огомбаев жана Сүйүмбаев (Карпинский) көчөлөрүнүн кесилишинде (MegaCom компаниясынын башкы кеңсесинин жанында эки терминал);
  • Гоголь көч. жана  Чүй просп. кесилишинде («Детский мир» соода борборунун бурчу, түндүк- батыш тарабында);
  • Москва жана Абдрахманов (мурдагы Совет) көч. кесилишинде (Абдрахманов көч. аялдамаларындагы «Вива» жана «Очкарик» дүкөндөрүнүн жанында);             
  • Абдрахманов жана Бөкөнбаев көч. кесилишинде (Аялдаманын түндүк- чыгыш тарабында);
  • Ибраимов жана Москва көч. кесилишинде (Аялдаманын түштүк-чыгыш тарабы, «Народный» соода үйүнүн  жанында);
  • Чүй просп. жана Гоголь  көч. кесилишинде (№ 12 мектепке жакын жайгашкан аялдаманын түштүк -чыгыш тарабы);      
  •  Абдрахманов көч. жана Чүй просп. кесилишинде (аялдаманын түндүк - чыгыш тарабы);
  • Горький көч. аялдама ( "Вефа"  СБ, түндүк-батыш тарабында);
  • Жаш Гвардия сейил багы менен Чүй просп. кесилишинде (түндүк-батыш тарабында);    
  •  Чүй жана  Манас просп. кесилишинде («Шумкар» дүкөнү, аялдаманын жанында, түштүк-чыгыш тарабы);             
  •  Лермонтов жана  Ворошилов көч. кесилишинде ( «Народный» соода үйү, Батыш тарабы); 
  • Белинский жана Бөкөнбаев көч. кесилишинде ( «Ракурс» фотоборборунун жанында, аялдаманын түндүк-чыгыш тарабында);
  • Чыгыш – 5  (аялдаманын жанында, Чүй просп.түштүк тарабы);
  • Ахунбаев жана Тынчтык просп. кесилишинде (аялдаманын түштүк-чыгыш тарабы);
  • Жаш  Гвардия  сейил багынын  жана Киев  көч. кесилишинде (түштүк –батыш тарабында );
  • 9-кичирайону, Байтик  Баатыр көчөсүнүн  түштүк багытындагы аялдамасы (Батыш тарабы).

 

MegaCom терминалдарынын виртуалдуу картасы жана даректери ошондой эле компаниянын расмий  сайтында жайгаштырылган.

Сунушталган кызматтар

  • «Балдарга» жана «Китеп» порталдары

    кызматы

  • MegaKassa

    кызматы

  • «Туулган күнгө белек»

    кызматы

  • «Балдар кайда?»

    кызматы