Перейти на новый сайт
MegaComдон лайфхак: нөлдүк балансыңыз менен байланышта болуңуз!

MegaComдон лайфхак: нөлдүк балансыңыз менен байланышта болуңуз!

 

Маанилүү чалуу аткаруу зарылчылыгы болуп, мобилдик телефонуңуздун балансын каражат жетишсиз  болуп калган учурда MegaComдун «Нөл абалындагы мүмкүнчүлүктөр» атайын кызматтары менен колдонсоңуз болот.

Ар дайым байланышта болуунун эң жөнөкөй жолу – жакындарыңыздан жардам суроо:

  • «Мага кайра чал» - Кыргызстандын, Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын уюлдук операторлорунун абоненттерине балансыңыз нөлдө экендигин маалымдай аласыз. Жөн гана *202*0АААxxxxxx# буйруусун териңиз жана сиз байланышкыңыз келген адам сиздин чалып коюу тууралуу өтүнүчүңүз камтылган билдирүүнү алат.
  • «Куткаруучу тегерек» - *282*055Ххххххх*толуктоо суммасы# буйруусун терсеңиз, жакындарыңыз сизге шашылыш мобилдик жардам көрсөтө алат. Кызматтын ыңгайлуулугу - сурамды MegaCom абоненттерине гана эмес, өлкөбүздүн башка уюлдук операторлорунун номурларына жөнөтүүгө болоорунда.
  • «Досумдун эсебинен чалуу» - бул чалууну кабыл алуучу абоненттин эсебинен түйүндүн ичинде чалуу аткаруу мүмкүнчүлүгү. *212055Ххххххх буйруусун териңиз жана эң жакын досторуңуздун эсебинен мүнөтүнүн баасы 1 сом болгон чалуу аткарыңыз.

MegaCom өз абоненттерине насыяга баарлашуу мүмкүнчүлүгүн тартуулаган кызматтарды иштеп чыккан:

  • «Экинчи дем» - кызматты бир жолу кошуп алуу менен, өз эсебиңиздеги каражаттарыңыз тууралуу кам санабай эле койсоңуз болот. Ар бир жолу нөлдүк чекке жеткен убакта, балансыңыз автоматтык түрдө толукталып турат. *400#10#1# буйруусун териңиз жана 100 сомго чейин насыя алыңыз.
  • «0 абалында чал+» - бул балансты үч күнгө 50 сомго чейинки сумма менен толуктоо. *324#1# буйруусун терип, нөлдүк балансыңызды ойлобостон баарлашыңыз.
  • «Баланс +» - *222*1# буйруусун териңиз, мобилдик эсебиңиз ошол замат 10 сомго толукталат, алган сумманы кийинчерээк кайтарып берсе болот.

Бул комбинациялардын баарын эсиңизге тутуп, убакыт коротпостон «МегаЖардамчы» мобилдик колдонмосун жүктөп алыңыз. Мобилдик колдонмону бир басууда бардык керектүү маалымат смартфонуңуздун дисплейинде пайда болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Mega USSD»

    кызматы

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • Менталдык жардам

    кызматы

  • Роумингдеги абоненттер үчүн маалымат

    кызматы