Перейти на новый сайт

MegaCom: «Досумдун эсебинен чалуу» кызматы менен ар дайым байланышта болуңуз

MegaCom: «Досумдун эсебинен чалуу» кызматы менен ар дайым байланышта болуңуз

                               

Эгерде сиздин мобилдик телефонуңуздун балансында каражат жок болуп, балансыңызды толуктоого мүмкүнчүлүк болбосо, MegaComдун «Досумдун эсебинен чалуу» кызматы менен колдонсоңуз болот. Алдыңкы мобилдик оператордун сервисинин жардамы менен досторуңузга, жакындарыңызга жана кесиптешиңиздерге тез арада байланышка чыга аласыз.

Кызмат Mega түйүндүн бардык абоненттерине көрсөтүлөт жана аны менен колдонуу оңой:

  • *212 буйруусун жана чакырылып жаткан абоненттин номурун төмөндөгүдөй үлгүдө териңиз: *212055Ххххххх;
  • Маектешиңизге чалуу анын эсебинен аткарыла тургандыгы автожоопбергич аркылуу маалымдалат;
  • Чалууну кабыл алуу үчүн телефондон жөн гана «1» санын терүү жетиштүү болот.

Чалуу аткарып жаткан абонент үчүн чалуу акысыз, ал эми чалууну кабыл алган абонент үчүн чалуунун мүнөтү болгону 1 сомду (тарифтик пландан көзкарандысыз) түзөт. Бир күндө 10го чейинки сурам жөнөтүүгө болот.

Жакындары менен ар дайым байланышта болуп турууну каалагандар үчүн «Жакын адамдар» атайын опциясы аракетте. Бул опциянын жардамы менен үй-бүлөңүздүн мүчөлөрү жана жакын досторуңуз сиздин макул экендигиңизди ар бир жолу тастыктабастан сиздин эсебиңизден автоматтык түрдө чалуу аткара алышат. *212*1*055ххххххх# буйруусун терүү менен, MegaCom түйүнүндө тейленген 10 го чейинки жакын адамыңызды «Жакын адамдарыңыздын» тизмесине киргизип алсаңыз болот.

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору.

Сунушталган кызматтар

  • Чалууну күтүү жана кармап туруу

    кызматы

  • «SIM-меню»

    кызматы

  • «SIM-картаны алмаштыруу жана калыбына келтирүү»

    кызматы

  • «Mega USSD»

    кызматы